Бишкек шаарында чак түштө банкты тоноп кетишти
Бишкекте белгисиз адамдар "ЭкоИсламикБанкынын" Көк-Жар кичи районундагы бөлүмүн тоноп кетишти. Маалыматты бүгүн, 12-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 11-август күнү түштө болгон.
"Банктын бөлүмүнөн канча акча тонолгондугун жана кылмыш жасалып жаткан учурда адамдар жабыр тарткан-тартпагандыгын тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн маалымдабайбыз. Тергөө иштеринин аякташы менен кылмыш тууралуу маалыматтар ачыкка чыгат", - дейт ИИМдин маалымат кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-3

УКМК менен ИИМди эми көрөт экенбиз да күчүн...