Бишкекте “Мен өзүм чечем!” аттуу жаштардын форуму өтөт

25-майда саат 17:00дө Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында “Мен өзүм чечем!” аттуу жаштардын форуму өтөт. Иш-чара искусство тармагына багытталып уюштурулууда. Форумдун катышуучулары кино, фото-сүрөт, музыка жана поэзия темасы боюнча талкуу жүргүзүшөт. Уюштуруучулар кызыктуу жана көрүнүктүү чыгармалар тууралуу айтып беришет. Мисалы, акын Михаил Левантовский адабий чыгармалар тууралуу талкуу өткөрсө, кино жөнүндө оператор Талгат Бериков маалымат бермекчи. Форумга катышуу акысыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.