ТЕСТ: "Сынган кылыч" тарыхый романын окудуңуз беле? Андагы каармандар жөнүндө канчалык билериӊизди тесттен өтүп, сынап көрүңүз
Кылым карыта жашап, тарых барактарында жазылып калган аталардын басып өткөн жолу тууралуу канчалык деӊгээлде билимиӊиз бар? Колуна кылыч, найза кармап жоокердик жашоо өткөргөн, Кокон хандыгы тушунда өмүр кечирген баатыр элдин таржымалын, хандык талашкан эрөөл жөнүндө билесизби? Анда чыгаан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романындагы каармандарды канчалык билериӊизди сыноо үчүн тесттен өтүп көрүңүз.
Фото: Интернеттен алынды
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Кокон ордосунун өсүп-өнүгүшү кайсы хандын келиши менен башталган?
Нарбото бийдин тун уулу Алимди ак кийизге салдырып хан көтөргөн. Мына ошол жылдардан тарта Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен жана ички саясатынын орчундуу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек менен куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскери түзүлгөн.
Кийинки суроо
Алим хан дайындалгандан кийин
Омор хан хандыкты алгандан соң
Мадалы хан бийликке келгенден кийин
Кокон ордосундагы чептин канча дарбазасы болгон?
Кокон ордосунун 18 дарбазасы болгон. Ар бир дарбазанын тушуна күчтү арбын коюп, коопсуздукту сакташкан.
Кийинки суроо
Бир гана кирип чыгуучу дарбазасы болгон
Жер алдынан өтүүчү 7 дарбазасы болгон
18 дарбаза менен кирип чыгышкан
Кокон ордосунда аталык, миң башы даражаларын кайсы хан жойгон?
Ордодо көптөн бери талаш болуп келе жаткан аталык, миң башы даражаларын Малабек хан жоюп, күчтүн баарын өз колуна топтоп хандыкты башкарган.
Кийинки суроо
Шералы хан
Малабек хан
Кудаяр хан
Кудаяр хан кайсы аталыктын колу-бутун сындырып, башына оор коргошун дөңгөчтү коюп өлтүрткөн?
Кудаяр хан өзүн хан кылган Мусулманкул аталыкты кутумдардын тилине кирип ырайымсыз кыйноо менен бийик секичеде, калың элдин алдында кыйнап өлтүрткөн. Аны өлтүрүүдө колун, бутун, манжа сөөктөрүн сындырышкан.
Кийинки суроо
Мусулманкул аталыкты
Алымкул аталыкты
Нүзүп аталыкты
Шералы ханды ким өлтүргөн?
1845-жылы Исфара вилаетинин (облусунун) беги Сатыбалды ордону басып алган. Шералы хан Сатыбалдынын козголоңчулары тарабынан өлтүрүлгөн.
Кийинки суроо
Хан ордодогу Карабек баатыр
Исфара вилаетинин беги Сатыбалды
Ордодогу кутумдар биригип, уу берип өлтүргөн
Шералыны Таласта жылкы айдап жүргөн жеринен ким алып келип, Коконго хан көтөргөн?
Шералыны Таласта жылкы айдап жүргөн жеринен Нүзүп баатыр Коконго алып келип, 1842-жылы ак кийизге отургузуп хан көтөргөн.
Кийинки суроо
Бекназар баатыр
Нүзүп баатыр
Алымбек датка
Шералы хан көтөрүлгөндө эмненин каны ак кийизге түшүрүлгөн?
Шералыны хан көтөрүүдө Абил жүзбашы катардагы желдеттеринин бири Ашырды мууздап, анын канын ак кийизге түшүргөн. Мындай салт менен хан көтөрүлүп жаткан адамдын зоболосу бийик экендигин көрсөтүшкөн.
Кийинки суроо
Ак боз бээнин
Жаш жоокердин
Туткунга түшкөн адамдын
Алымбек датка Кокон хандыгын башкарып турган кайсы хандан датка наамын алган?
Алымбек 27 жашында Кокон ханы Мадалиге кызмат өтөй баштаган. Кийинчерээк Мадали хандан "Алайдын даткасы" наамын алган.
Кийинки суроо
Шералы хандан
Мадали хандан
Мурад хандан
Нүзүп аталык хандын өлүмгө буйруган жарлыгын уккандан кийин 2 рекет намаз окуп алууну өтүнгөн. Намазды кайсы жерде окуган?
Маргалаң бегинин ордосунда жайгашкан бактагы көк чөптүн үстүндө намаз окуп жатканда башы алынган.
Кийинки суроо
Маргалаң бегинин ордосунда жайгашкан бактагы көк чөптүн үстүндө
Кокон шаарындагы намазканалардын биринде
Хан ордодо, тактын жанында
Алымбек датка Малабек хандын тушунда кайсы облусту башкарып турган?
Кокон ордосунун ханы Малабек Алымбек даткага Анжиян облусун башкарууга берген. Ал аталган вилайеттин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн билим алууга медресе курдурган.
Кийинки суроо
Фергананы
Ташкент аймагын
Анжиянды
Нүзүп аталыктын кайсы хандын жарлыгы менен башы алынган?
Нүзүп аталыктын башы Шералы хандын буйругу менен алынган. Жаркын айымдын кийлигишүүсү менен жарлыкты жокко чыгаруу боюнча хандын кийинки шашылыш буйругу аталыктын өмүрүн сактап калган эмес. Анткени аны өлтүрүүгө кеткен желдеттин артынан Абил бий жетпей калган. Ал барганда желдет ичкери бактын ичинде Нүзүп аталыктын башынын канын сарыктырып, кандын жытына мас болуп, көзү кызарып, шалдырап отурган эле.
Кийинки суроо
Кудаяр хандын
Каардуу Алим хандын
Шералы хандын
Кудаярды ким хан көтөргөн?
Хан ордодогу Мусулманкул эч ким менен кеңешпей туруп, эрезеге жете элек Кудаярды хан көтөргөн.
Кийинки суроо
Мусулманкул
Шады ынак. Хандын кеңешчиси
Жаркын айым
Шералы хан көтөрүлгөндө курмандык чалган Абил кандай наам алган?
Нүзүп аталык курмандык чалууда иш билгилик кылган Абилди паңсат, тагыраагы, 500 аскерге башчылык кылган жоокердик даражаны ыйгарган. Ал буга чейин жүз башылык аскердик даражаны алып жүргөн.
Кийинки суроо
Элүү башы
Миң башы
Туу башы, паңсат
Нүзүп баатыр кайсы өрөөндө туулган?
Нүзүп Эсенбай уулу 1794-жылы Аксы жергесинде туулган. Атасы Эсенбай Кокон хандыгынын саясий турмушуна аралашкан, кыргыздын кадыр-барктуу адамдарынан болгон. Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгү 1816-1822-жылдарга туура келет.
Кийинки суроо
Чаткал өрөөнүндө
Аксы өрөөнүндө
Фергана өрөөнүндө
Кокон хандыгындагы хан ордодо таасири күчөп бараткан Алымбек датканын башын ким алган?
Баш кесер Чотон тандалма 100 жигити менен барып, коюнуна катып келген эки тарабы тең миздүү кылыч менен Алымбек датка колун жууп жаткан жеринен анын башын алган.
Кийинки суроо
Шералы хан
Чотон
Орус империясынын генералы Скобелев
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Озубуздун тарыхтан Хюрремдердин кереги жок эле да )