super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ошто эртең менен бир айдан бери иштебей турган ашкана толугу менен күйүп кетти

 

Бүгүн, 15-августта эртең менен Ош шаарында кафе өрттөндү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов өрт боюнча маалымат саат 08:38де түшкөнүн айтты.

"Масалиев көчөсүндөгү өрт кырсыгында ашкананын имараты толугу менен күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө 3 унаа барды. Өрт башка имараттарга жеткирилбей өчүрүлдү. Ашкана 1 айдан бери иштебей турганы маалым болду. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат. Селсаяктар этиятсыз тамеки тарткан жана электр зымдарынын чукул туташуусунан келип чыкты деген версиялары каралууда", - деди Баймуратов.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.08.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл кафе элее?
15.08.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meerim..98,zainap jaktagy mechittin janyndagy kafe emespi molochnyi bar elego fotodoku bala pirojki jasaitko
freedom11 түзөттү 2017-08-15 23:52:15
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: