ЭЛДИК КАБАР: "Ноокатта ЖААК бөлүмүндө иш күнү башталса да, жумуш баштала элек" дейт окурман




Ош облусундагы Ноокат райондук Жарандардын актылык абалын каттоо кызматынын адистери жумушуна өз убагында келбей жатышканын бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ноокат районунун ЖААК бөлүмүндө иш күнү башталса да, кызматкерлер жумушуна келе элек. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, өлгөндүгү тууралуу маалым кат алганы келген жарандар кезекте турушат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Өткөнкү айда тагырагы 12-июль күнү менда омс алуу үчүн барып ал жердеги келген адамдарга кылган мамилесин көрүп туруп жаман болдум. Бул боюнча Ноокат районунун акимина 10 дой адам болуп кирип айтканбыз.
Аким эскертүү берип келген адамдарды жакшылап кабыл алуусун айткан. Аким мырза ушул ЖААК бөлүмүнүн адистерин кылыктарын келген адамдардан акча алаарын уктум дедиңиз эле жакшылап эле көңүл буруп бир чара к