Япониялык жарандардын Кыргызстанга визасыз кирип чыгуусуна багытталган мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү
Бүгүн, 22-майда ЖКнын жыйынында 60 күнгө чейинки мөөнөттө бир тараптуу визасыз режимге кирген өлкөлөрдүн тизмесине Японияны кошууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Өкмөт демилгелеген мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Белгилей кетсек, 2000-жылдын 1-январынан тартып Япония жарандары дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн Кыргызстанга келип-кетүү үчүн бир тараптуу негизде визасыз режим киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

