Жогорку Кеңеш Бакыт Төрөбаевди вице-спикерликтен түшүрүү маселесин кароодон баш тартты
Жогорку Кеңештин 23-майдагы жыйынында Бакыт Төрөбаевди вице-спикерликтен түшүрүү демилгеси көтөрүлүп, көпчүлүк депутаттардын каршылыгы менен бул маселе каралбай турган болду. Аталган депутатты вице-спикерликтен түшүрүүнү "республикачы" айрым депутаттар сунуштап, алар Төрөбаевдин "Республика" фракциясынан чыгарылгандыгын, буга байланыштуу анын мурдагы бойдон вице-спикер болуп отурууга укугу жок экенин айтышууда. Бул маселе ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде да каралып, аны вице-спикерликтен чакыртып алуу маселеси мыйзамсыз деген чечимге келишкен. Айта кетсек, "экс-республикачы" Төрөбаев учурда "Өнүгүү" депутаттык тобунун мүчөсү.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

