super.kg logo

ТЕСТ: Ташиев кайсы шайлоодо "Өнүгүүчүнү" сабаган?

 

15-октябрда кыргыз эли жаӊы президентти шайлайт. Адатта, өлкөдө ири шайлоолорду талаш-тартыштар коштойт. Талапкерлер же алардын тарапташтары бири-бирине кол көтөрүп, соттошуп, атүгүл ок атышкан учурлар кездешет. Элге башкысы - тынчтык. Ошентсе да буга чейинки шайлоолордо кездешкен айрым чуу жараткан окуяларды эстей жүрүү ашыктык кылбайт...






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

2009-жылы президенттик шайлоо: Бакиев жеӊгенден кийин утулган талапкер Алмазбек Атамбаев эмне кылган?

2009-жылкы шайлоодо Курманбек Бакиев жеӊүүчү аталса, оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаев 2-орунду ээлеген. Атамбаев шайлоо таза өтпөгөнүн, жарышта Бакиев эмес өзү жеӊгенин айтып чыккан.

Кийинки суроо


Жеӊилгенин дароо моюнга алган
Шайлоо таза өтпөгөнүн айтып чыккан
Бакиевди эл алдында сөккөн

Сүрөттө "Кыргызстан" фракциясынын "мени мандаттан мыйзамсыз ажыратты" деп соттошуп, утулган депутаты...

2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин "Кыргызстан" фракциясы айрым депутаттарын "жетиштүү добуш албады" деп, шайлоо алдында жазган арыздарынын негизинде мандаттан ажыратуу боюнча БШКга кайрылган. БШК аларды мандаттан ажыратты. Кызматтан кол жууган депутаттардын бири Элмира Жумалиева БШК чечими боюнча соттошуп жүрүп, акырында утулган.

Кийинки суроо


... Элмира Жумалиева
... Чолпон Эсенаманова
... Динара Исаева

2017-жылы майда Жалал-Абад шаардык кеӊешин шайлоодо кандай чыр чыккан?

Жалал-Абад шаардык кеӊешине шайлоодо 2 партиянын өкүлдөрү мушташып кеткени тартылган видеотасма интернетке тараган. Көп өтпөй тараптар элдешүүгө барышкан.

Кийинки суроо


Шайлоо комиссиясынын мүчөсү сабалды
Шайлоого мэр кийлигишти
Партия өкүлдөрү мушташты

2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин "Республика-Ата Журтта" мандат талашка шарт түзгөн кайсы жагдай?

2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин "Республика-Ата Журт" партиясынын талапкерлерине мандат бөлүштүрүү чыр менен коштолгон. Партия талапкерлери шайлоо алдында "жетиштүү добуш албасам мандаттан баш тартам" деп жазган арызын, берген антын жүйө келтирип, айрым талапкерлерди мандат алчулардын катарынан чыгаруу аракети жүргөн. Буга талапкерлер каршы чыгышкан.

Кийинки суроо


Шайлоо алдында талапкерлер берген ант
Теӊ-теӊ добуш алган талапкерлер
Айым депутаттардын көп болушу

2014-жылы Ошто митингде ажонун портретин өрттөгөн экс-чиновник?

2014-жылы Ош шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Мелис Мырзакматовдун тарапташтары борбордук аянтта толкуп турган. Ошол учурда Ош ОИИБинин мурдагы башчысы Абдылда Капаров президент Алмазбек Атамбаевдин портретин өрттөгөн. Бул боюнча кийин кылмыш иши ачылган.

Кийинки суроо


Бектур Асанов, мурдагы депутат
Абдылда Капаров, Ош ОИИБинин мурдагы башчысы
Турсунбек Акун, укук коргоочу

Ош шаарында Мелис Мырзакматовду "тактан кулаткан" шайлоо качан өткөн?

2014-жылдын январында Ош шаарынын мэрин шайлоо өткөн. Анда талапкер Мелис Мырзакматов атаандашы Айтмамат Кадырбаевге утулган. Шайлоодон кийин Мырзакматов өз партиясынын айрым депутаттарын сындап, "Улуттар биримдигинин" айрым депутаттары мени сатып кетишти" деген.

Кийинки суроо


2013-жылы, мартта
2015-жылы, июнда
2014-жылы, январда

2012-жылы Бишкек шаардык кеӊешин шайлоодо "Республика" партиясы жаӊжалдын чордонунда калган. Эмне үчүн?

2012-жылкы Бишкек шаардык кеӊешине шайлоодо "Республика" партиясынын өкүлү жарандарды "карусель" ыкмасында добуш берүүгө үндөдү деп чуу чыккан. Тийиштүү видеотасма интернет желесине тараган. Партия жетекчилиги муну буюртма менен жасалган атайын иш деп атаган.

Кийинки суроо


Шайлоодо "карусель" ыкмасын колдонду деп
Шайлоочуларды коркутту деп
Шайлоо эрежесин одоно бузду деп

Бул сүрөт парламентте тартылган. Мушташ эмнеден чыккан?

2011-жылдын 1-апрелинде парламентте депутаттар Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулайманов мушташып кеткен. Чыр “Ата Журт” фракциясынын лидери Ташиевдин "коалициядан чыгабыз" деген cөзүнөн улам чыкканы айтылган.

Кийинки суроо


Кызматтык автоунаа маселесинен
Коалиция боюнча Ташиевдин сөзүнөн улам
"Кумтөр" чырынан улам

2017-жылы айрым эксперттер муфтийликке Максат Токтомушевдин шайланышына каршы чыгышкан. Эмне дешип?

Максат Токтомушев муфтий болуп шайлангандан кийин айрым эксперттер, дин адистери Токтомушевди "диний жогорку билими жок" деп сындашкан.

Кийинки суроо


Төрттөн ашык аялы бар деп
Кыргыз тилин жакшы билбейт деп
Диний жогорку билими жок деп

2000-жылкы президенттик шайлоо алдында негизги талаш кайсы болду эле?

2000-жылы Аскар Акаев Конституцияда "бир адам экиден көп жолу президент болуп шайлана албайт" деген чектөөгө карабай президенттик шайлоого ат салышкан. Оппозиция Акаевдин бул аракетин кескин сындап, аны талапкер кылып каттаган БШКны да мыйзамсыздыкка жол ачты деп күнөөлөгөн.

Кийинки суроо


Аскар Акаевдин уулунун талапкер болушу
Курманбек Бакиевди талапкер кылып каттабай коюу
Аскар Акаевдин Конституцияны аттап 3-мөөнөткө ат салышуусу

Бул шаардык кеӊешке шайлоодо 2013-жылы партия өкүлдөрү ок атышса, 2017-жылы шектүү бюллетендер чыкты...

Кара-Суу шаардык кеңеши. 2013-жылкы шайлоодо 2 партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чатак чыгып, ок атышууга чейин барышкан. Ал эми 2017-жылдын 3-сентябрында өткөн шайлоодо аталган шаардык кеӊешке шайлоодо айрым тилкелерден шектүү бюллетендер чыкканы талкуу жаратты. Бирок БШК аталган кеӊешке шайлоону өттү деп тааныды.

Кийинки суроо


Кара-Көл шаардык кеӊеши
Кара-Суу шаардык кеӊеши
Чолпон-Ата шаардык кеӊеши

Эмне үчүн 2013-жылы экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жаӊы шайланган акыйкатчыга кабинетин бошотуп бербей чыр салган?

2013-жылы парламент Турсунбек Акунду акыйкатчы кызматынан бошоткон. Анын ордуна акыйкатчы болуп Бакыт Аманбаев шайланып, бирок Акун бир нече күн акыйкатчынын иш бөлмөсүн бошотпой койгон. Ал парламентти "акыйкатчыны мыйзамсыз шайлады" деп күнөөлөп, Жогорку Кеӊештин тарап кетишин талап кылып ачкачылык да кармаган.

Кийинки суроо


Жаӊы акыйкатчы мыйзамсыз шайланды деп
Кызматтык мөөнөтүм толук бүтө элек деп
Туура эмес кадр шайланды деп

Камчыбек Ташиев кайсы шайлоодо "Өнүгүү" партиясынын өкүлүн сабаган?

2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында "Республика-Ата Журт" партиясынан талапкер Камчыбек Ташиев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабады деп күнөөлөнүп, кылмыш иши ачылган. БШК аны талапкер катары тизмеден чыгарып салган.

Кийинки суроо


Парламенттик шайлоо, 2010-жылы
Президенттик шайлоо, 2011-жылы
Парламенттик шайлоо, 2015-жылы

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
13.09.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
47))
13.09.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
47 добуш. Жакшы маалыматтар бар экен
13.09.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 упай саткын окшойт
Aza17 түзөттү 2017-09-13 18:40:35
13.09.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54)))))
13.09.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
70 балл
13.09.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
62 упай
13.09.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
62
13.09.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
93 балл
13.09.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташини ушундай ХХХХ деп ойлободум эле
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-14 10:49:57
13.09.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ шайлоо алдында ушундай тестерди кобойткуло билип эскерип алалы. Бирок кызык эмнеге СДПК корунбойтко )) аларды деле хотя мактап койгула)) жакшы угуттолор болуп ататко убакыт баарын корсотоор тушунгондор лайкты баса кеткиле
13.09.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 урай
14.09.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
14.09.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
62%
14.09.2017. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
4 ката жыйынтыкты коргозбой атыр ))
14.09.2017. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54 упай
14.09.2017. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кун карама (( анында конулун алалбай, мунунда конулун алалбайдан болду. Партиядан партияга секирип.
14.09.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sanjar96kgz, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
17.09.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47
23.11.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47
04.04.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
77
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: