Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунда кыргыз спортчусу 1-орунду багынтты




Казакстандын Астана шаарында 27-августта өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунда Виктория Полюдина жеңишке жетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке ШКУ өлкөлөрүнүн арасынан 5 миӊ спортчу, алардын ичинен 50 профессионал спортчу катышышкан. Виктория Полюдина 42,195 чакырымга жарышып 2 саат 37 мүнөт жана 45 секунда жыйынтыгын көрсөтүп 1-орунду камсыздады.
Дагы бир кыргыз спортчусу Мария Коробицкая 2 саат 43 мүнөт жана 57 секунда жыйынтыгы менен 4-орунда болду.
Эркектер арасында 42,195 чакырымга жарышта Илья Тяпкин 2 саат 24 мүнөт жана 14 секунда жыйынтыгы менен 3-орунга ээ болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
BakytAliev

28.08.2017. 17:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балее ушинтип кыргыздын атын чыгарып журо бергиле
Timabek_98

29.08.2017. 01:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нукура кыргыз марафончуларды спортко тартсанар! Аракет кылбай эле натыйжа кутосунор спорт комитети!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.