Сузакта атка сүйрөлгөн 10 жашар баланын дене мүчөлөрү үзүлүп кеткен
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында 10 жаштагы баланы аты сүйрөп кетип, каза болду. Бул туурасында бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Мирлан Калмаматов билдирди.
"25-августта 10 жаштагы бала апасы экөө тоого отун тергени чыгышыптыр. Алар отун терип жүргөндө жаш бала минип жүргөн ат үркүп, чуркап жөнөгөндө анын бир буту үзөңгүгө илинип калыптыр. Тоо жактан үрккөн атты эч ким тосуп кармай албай, айылдын жанындагы сарайга келгенде гана кармашкан. Бир чакырымдай атка сүйрөлгөн баланын колу, башы үзүлүп кетиптир. Кийин айылдаштары барып анын чачылган дене мүчөлөрүн таап чогултуп жерге беришти", - деди Калмаматов.
Ошондой эле айыл башчынын айтымында, 10 жаштагы М.Э. үй-бүлөнүн эң улуу баласы болгон жана быйыл сентябрда 3-класска бармак.



Жаш балдарды кароосуз калтырышса,чон жолго,машинелер катуу жургон жерлерге чыгарышса,ат миндиришсе.....
Ээээ атандын гору дунуйо.....
Кудай дагы "сактансан сактаармын" деген экен...
Ажал деп коет муну деп эле сактанбай коюш керек эместир???!!!
Вот именно,ошол кезде биздин ата энелер,агалар билишкен,бул ат уркунчоок,уркуп кетсе жыгыласын деп миндиришпеген!!!
Тууганым чымын олсо деле чондор дей бербей озубуз озубузго суроо берели мен Мекен учун эмне кылдым деп?
Темага токтолсок Аллахым ушул куну кунун бутот деп жазган Бере турган Алып койо турган да Аллах жаш бала экен бейишин берсин ата энесине терен кайгыруу менен конул айтабыз!!!
Сенин мекениндин башчы -чондору (чиновниктер) жонундо эмес, балдарын кароосуз калтырган ата энелерди айттым.
Жазылган созду туура окуп, ошого тушунсон анан жооп жаз!!!
Болбосо жазба.
Макулбу?
И так админ акыркы эскертууну Берген, банга силердей соз тушунбогон же тоо десе бее дегендердин айынан киргемин)))
Куттуктайм жердешин болсо!!!
Жок дегенде мындан ары жаш балдарга жаш балдардай мамиле жасаганды уйроноорсунор!!!
Уркунчоок ат миндирбей, чон жолго чыгарбай ээ??? Он жаштагы балага ат миндир бирок артына учкаштырып жур!!!Азоо аттын тизгинин он жашар бала тургай чон киши аран токтотот!!!
Бир нерсе десен эле философиядан башташты билет экенсинер го бирок жаш баланы жаш баладай карашты билбейт экенсинер!!!
Балага жаман болуптур, ата энесине сабыр