Элчилик: "Орусиянын Пенза облусунда жол кырсыгына кабылгандар Кыргыз жарандары"
Ушул жылдын 26-августунда Урал М-5 федералдык жолунун 471-чакырымында жол кырсыгы катталганын орусиялык ММКлар жазып чыгышкан. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги, Пенза облусундагы полиция кызматкерлерине шилтеме берүү менен жол кырсыгына кабылгандар Кыргыз жарандары экенин билдирди.
"Жол кырсыгынан бир адам каза болуп, беш адам жабыркаган. Азыркы тапта Кыргыз жарандарынын туугандарына билдирме жөнөтүлдү. Жол кырсыгы боюнча, тергөө тобу түзүлдү", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Айта кетсек, Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус жана оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 36 жаштагы аял каза болуп, жабыркаган 5 адам ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Kaninaiman

29.08.2017. 09:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озун сактай кор ботон жерде иштеп жургон кыргыздарды.
kanatbekabytovich82

29.08.2017. 13:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадан чыкканда ошол Пензага чейин аран чыдайт да озу,уйку келип...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.