super.kg logo

Лос-Анжелес шаарында өткөн "MTV Video Music Awards" музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземиндеги өзгөчө образдар

 

27-август күнү АКШнын Лос-Анжелес шаарында музыка дүйнөсүндөгү эң таасирдүү делген "MTV Video Music Awards 2017" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Жыл сайын бул иш-чара жылдын мыкты клиптерин аныктайт.

Бул жылы көптөгөн номинацияларда жеңишке америкалык аткаруучу Кендрик Ламар жетишти. Ал өзүнүн "Humble" аттуу чыгармасы үчүн алты номинацияда сыйлык алды.

Жылдын мыкты артисти болуп Эд Ширан табылса, белгилүү дебютант болуп R&B аткаруучу Khalid табылды. Мындан сырткары таанымал рокер наамын "Twenty One Pilotsа" тобу алды. Ал эми эң мыкты саундтрек деп "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасына жазылган Зейн Малик жана Тейлор Свифттин аткаруусундагы "I Don't Wanna Live Forever" чыгармасы аталды.

Мындан кем калбаган кызыктар кызыл килем үстүндө болду. Бул жолу ырчы Кэти Перри өзүнүн ак түстөгү Stephane Roland көйнөгү менен өзүнө көпчүлүктүн көңүлүн бура алды.

Оливия Манндын түз буттарын Nicolas Jebran кыска көйнөгү баса белгилеп турду.

Ал эми Хейли Болдуин күйөрмандардын эсинде өзүнүн Zuhair Murad комбинезону менен калды.

Ал эми Майкл Жексондун кызы Пэрис Жексон бардыгынан айырмаланып, кечеге Christian Dior өзгөчө көйнөгүн кийип келген.

Мындан сырткары Жереми Скотт, Милли Бобби Браун, Жаред Лето, Хайди Клум, Ники Минаж жана башка жылдыздар өзүлөрүнүн эксклюзивдүү образдарын күйөрмандарына тартуулап өтүштү.

Хайди Клум

Ники Минаж

Жаред Лето






Miley Cyrus Performs Younger Now

Fifth Harmony ft. Gucci Mane Perform Down & Angel Medley

Кендрик Ламар DNA & Humble Medley

Кети Пэрри, Ники Минаж - Swish Swish

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.08.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар эртен жыланач чыгышса тан калбайм
29.08.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Никки Минаж шарикке окшоп калыптыр го))
29.08.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык кийим кийген сайын мактанышат а клиптерин айтпайле коёлу турса лифондон башка эштеке көрбөйсүң
29.08.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларда кийим ге караганда турса лифон кымбат болсо кк
29.08.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын улуттук кийими го дейм турса менен лифон.
29.08.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаред Лето елка болуп калыптыр,башкасы деле абат эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: