super.kg logo

Техастагы суу каптоодон каза тапкандардын саны 30га жетти

 

АКШнын Техас штатындагы суу каптоодон 30дай адам каза тапканын The New York Times гезити жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыкты. Аталган басылмага тиешелүү органдар кырсыктан каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди. Белгилүү болгондой, буга чейин, тактап айтканда, 25-августта башталган Техастагы "Харви" бороону суу каптоонун келип чыгышына түрткү болгон.

"Харви" бороону нөшөрлөгөн жамгырдын жаашына алып келди. Маалыматтарга таянсак, штаттын бардык райондору иликтенип бүтө элек. Ошол себептен каза тапкандардын саны, тилекке каршы, 30 менен гана чектелбеши мүмкүн", - деп жазылат гезитте.

Штаттын негизги шаары болгон Хьюстон сууга жуулуп, көп чыгымга жана жоготууларга учураган. Аталган шаар АКШда адам санынын көптүгү боюнча 4-орунда турган мегаполис (жашоочулардын саны 6,5 миллионго жетет). Associated Press маалымат агенттиги билдиргендей, шаардын мэринин жоопкерчилиги тийиштүү органдар тарабынан иликтенип, каралып жатат. Анткени ал калкты коопсуз жайга көчүрүү керек экенин буйрук кылбастан сунуштап гана тим болгон. Сунушту кабыл алган жарандар жана органдар учурунда чара көрүшкөндүктөн, болгону 5000дей гана адам эвакуацияланган. Ошондой эле Техас штатындагы кыйроолорду калыбына келтирүү үчүн өлкө казынасынан эбегейсиз каражат жумшалары айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.08.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым бизди асмандан - жерден келген тилсиз жоодон сактай корчу ,элибизде тынчылык бейкутчулук орносун эч бир мусулман эли жамандык корбосунчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: