super.kg logo

ТЕСТ: Бүгүн, 31-августта леди Диананын каза болгонуна 20 жыл толду. "Жүрөктөрдүн ханышасы" тууралуу эмнелерди билесиз?

 

Уэльстин ханбийкеси же леди Диана 20 жыл мурун, 1997-жылы 31-августта досу, ишкер Доди Аль-Файед менен Парижди көздөй автоунаа менен келе жатканда күтүүсүз жол кырсыгына кабылып, дүйнө салган.

Окуядан соӊ 1-8-сентябрь күндөрү Улуу Британиянын Букингем, Сент-Жеймс жана Кенсингтон хан сарайларында Диананын элесине арналып, жалпы салмагы 10-15 тоннага жете турган 5 миллион гүлчамбар коюлган. Сент-Жеймс сарайында эле көңүл айтуу жазылган китептердин саны 43кө жеткен.

Бүгүн, 31-августта ханбийкенин каза болгонуна 20 жыл болду. Мындан улам аны эскерүү иретинде ханбийке Диана жана анын өмүр таржымалы тууралуу тест даярдоону туура көрдүк.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Ханбийкенин балдары Уильям менен Гарри апасы тууралуу соңку маегин качан беришти?

2017-жылдын август айында апасынын каза болгонуна 20 жыл болгондугуна байланыштуу анын уулдары леди тууралуу акыркы жолу маек берип, мындан кийин бул темага кайрылбай турганын айтышкан.

Кийинки суроо


Апасынын каза болгонуна 10 жыл болгондо
Бул тууралуу маек беришкен эмес
2017-жылы август айында

Диананын уулу Гарри апасынын өлүмүнө кимдерди күнөөлөгөн?

Ушул жылдын 23-августунда леди Диананын уулу Гарри кырсык катталганда аны сүрөткө тарткан адамдарды күнөөлөгөн. "Апам жол кырсыгына кабылганда башынан катуу жаракат алган, бирок тирүү болчу. Кырсыктын келип чыгышына күнөөлүү адамдар ага жардам бергендин ордуна сүрөткө тартышкан", - деген ал.

Кийинки суроо


Апасы кырсыкка кабылганда сүрөткө тарткандарды
Кырсык катталганда рулда отурган айдоочуну
Өзүнүн атасын

Ханбийкенин жол кырсыгында каза болушу коомчулук арасында кандай реакция жараткан?

Анын өлүмү коомчулук ичинде чоң резонанс жаратып, акыркы сапарга узатуу зыйнатын 2,5 миллиарддан ашуун эл түз эфирден көрүшкөн. Ошондой эле Аза катары Букингем хан сарайындагы тууну түшүрбөй койгону үчүн ханыша Елизавета IIге коомчулуктун нааразычылыгы күчөгөн.

Кийинки суроо


Аза катары Букингем хан сарайындагы тууну түшүрбөй койгону үчүн ханыша Елизавета IIге коомчулуктун нааразычылыгы күчөгөн
Жол кырсыгына күнөөлүүнү таап, аёосуз жазалашкан
Улуу Британияда митинг башталган

Ал жолдошунун бир кездеги сүйгөнү Камилла Паркерди эмне деп атаган?

Ханбийке Диана ханзааданы абдан кызганчу. Мындан улам анын бир кездеги сүйгөнүн ар түрдүү жаман сөздөр менен атоодон тартынбайт эле. Өзгөчө аны ротвейлерге (иттин породасы) теңегени азыркыга чейин коомчулуктун эсинде экени айтылып жүрөт.

Кийинки суроо


Сулуулук эталону
Ротвейлер
Шалаакы

Экөөнүн ажырашуусунун себеби?

Ханбийке жолдошуна жетишерлик көңүл бура албагандыгынан улам ханзаада Чарльз үйлөнгөнгө чейин 9 жыл сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү Камилла Паркерди көп эстеп, жыйынтыгы жубайлардын ажырашуусуна алып келгендиги айтылат.

Кийинки суроо


Ханбийкенин жолдошунун көзүнө чөп салуусу
Ханзаада Чарльз менен анын бир кездеги сүйүктүүсү Камилла Паркердин мамилесинин уланышы
Елизавета IIнин каршылыгы

Жолдошу Чарльз менен кайсы жылы расмий түрдө ажырашкан?

1990-жылдары Чарльз менен Диананын мамилелери бузулуп, 1996-жылы расмий түрдө ажырашышкан.

Кийинки суроо


1990-жылы
Ажырашкан эмес
1996-жылы

Ханбийке Диананын дүйнөгө белгилүү алыскы туугандарын атаӊыз ...

Америкалык "MyFamily" компаниясынын заказы менен Улуу Британияда атайын изилдөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында белгилүү британиялык премьер-министр Уинстон Черчилль, ханбийке Диана жана америкалык экс-президент Жорж Буш алыскы туугандардан болуп чыгышкан.

Кийинки суроо


Жорж Буш, Чарльз Дарвин, Жон Уэйн жана башкалар
Голливуд жылдызы Майкл Жексон
Тукумунда белгилүүлөр болгон эмес

Ал айткан белгилүү цитата?

"Мен өлкөнүн ханышасы эмес, сиздердин жүрөгүңүздөрдүн ханышасы болгум келген" дегени үчүн көпчүлүк эл аны "Жүрөктөрдүн ханышасы" деп аташкан.

Кийинки суроо


“Коопсуздук – бул менин жумушумдун жарым бөлүгү”
“Мен өлкөнүн ханышасы эмес, сиздердин жүрөгүңүздөрдүн ханышасы болгум келген”
“Мен чынында, бир нерсени өзгөртүүгө салым кошорума ишенем. Мейли, ал кичинекей көйгөй болсун, баары бир колумдан келген жардамымды аябайм”

Кандай кийимдерди чогултууну жактырган?

Ханбийке ак түстөгү кофталарды чогултууну жактырганы маалым. Гардеробунда алардын саны 300дөн ашарын жана анын баарын өзү сатып алгандыгын айткан.

Кийинки суроо


Кече көйнөктөрүн
Классикалык юбкаларды
Ак түстөгү кофталарды

Баласынын каалоосун аткаруу үчүн хан сарайга кайсы белгилүү жылдызды чакырган?

Диана абдан мээримдүү эне болгондугу жана ал үчүн балдарынын каалоосу башкы орунда тургандыгы айтылып келет. 1996-жылы уулу Уильям белгилүү модель Синди Кроуфорддун күйөрманы экенин билип, аны хан сарайга чакырткан.

Кийинки суроо


Мадонна
Селин Дион
Синди Кроуфорд

Кандай оору менен жабыркаган?

Ал толук болгондуктан арыктоо үчүн көбүнчө тамактануудан баш тартчу. Бул анын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, жыйынтыгы булимия оорусуна алып келген. Ошондой эле депрессияга да көп кабылганы айтылат.

Кийинки суроо


Депрессия жана булимия менен
Кант диабети менен
Нерв оорулары менен

Леди Динин “Ханбийке болуу кандай” деген суроого узаткан жообу?

“Ханбийкенин образы улам сайын алмашып турат. Биринчиден, сен массалык маалымат каражаттары үчүн оюнчуксуң, экинчиден, бүткүл падышалык үй-бүлө үчүн жооптуусуң. Күндө кечинде жатарда ойлонуп, мен эч качан ханбийке боло албасымды ойлор элем”, - деп айтканы бар.

Кийинки суроо


Түйшүктүү, бирок жагымдуу
Титул ага дем-күч берерин айткан
Эч качан ханбийке боло албасын билдирген

Ханзаада Чарльз Диана Спенсерге үйлөнгөнгө чейин анын кайсы таанышы менен сүйүү мамилесинде болгон?

Диананын эжеси леди Сара Мак Коркодейл ханзаада Чарльз менен жакын мамиледе болгон. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышканда ал “мен Чарльз ханзаада болгонуна карабай ага турмушка чыгууга каалоом жок эле”, - деп билдирген.

Кийинки суроо


Диананын эжеси
Курбусу
Кесиптеши

Падышалык түгөйлөрдүн үлпөт тою кандай өткөн?

Түгөйлөрдүн үйлөнүү тою ХХ кылымдын эң кооз үлпөт тою деп аталып, аны түз эфир аркылуу дүйнө жүзү боюнча 750 миллион адам көргөн. Тойго жалпысынан 3500 адам катышып, аны өткөрүүгө 2 миллион 859 миӊ фунт стерлинг кеткен.

Кийинки суроо


Жашыруун түрдө өткөндүктөн көпчүлүк кандай болгонун билген эмес
Жомоктогудай той орун алып, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган
Той эч кимди кызыктырган эмес

Леди Диана кайсы мүнөзү менен башка ханбийкелерден айырмаланып турган?

Ханбийке эч нерседен тартынбай, бардык нерсени өзү каалагандай жасап, эркиндикти сүйгөн мүнөздүн ээси эле. Алсак, ал падышалык үй-бүлөдө кыска чач менен жүргөн жана нике шакегин буйрутма менен эмес, сатып алган алгачкы ханбийке. Ошондой эле үлпөт той күнү да жолдошуна ант берүү салтын аткарбай койгон.

Кийинки суроо


Баарын өзү каалагандай жасап, эркиндикти сүйгөнү менен
Эч кимди таарынтпаган жумшак мүнөзү менен
Уялчаактыгы менен

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
31.08.2017. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 бал
31.08.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
31.08.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун 31- август Эгемендуулук кунуно байланыштуу тест куттум эле.Бул биз учун Леди Дианадан бир кыйла маанилууроок эле.
31.08.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jarookerjan,кечир, плюс басам деп, минус басып алдым, мен дагы кыргыз элинин тарыхы, маданияты боюнча куткон элем.
31.08.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай. Жакшы тест экен
31.08.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47)
01.09.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
94 бал.омур баяны кайгылуу...
23.11.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 упай (((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: