Кыргыз жаш футболчулары Казакстан президентинин кубогуна катышат

Казакстандын Талгар шаарында 3-9-сентябрь аралыгында өтө турган Казак президентинин кубогуна Кыргыз жаштар курама командасы (U-17) катышат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке жаштар курама командаларынан 8и катышат. Кыргыз жаштар курама командасы "А" тайпасына кирип, Казакстан, Грузия жана Албания курамалары менен ойнойт. Ал эми "В" тайпасында Казакстан-2, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстан курамалары жайгашкан.
Алгачкы беттешинде Кыргыз футболчулар Казакстандын спортчулары менен кез келет.
Кыргыз курама командасынын оюндарынын тартиби:
4-сентябрь: 17:30 - Казакстан - Кыргыз өлкөсү;
5-сентябрь: 12:00 - Кыргыз өлкөсү - Грузия;
7-сентябрь: 12:00 - Кыргыз өлкөсү - Албания.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
2

эмне болду утубу же утулдубу