super.kg logo

Ырчы Элмира Кайып кызы 42 жашында дүйнө салды

 

Бүгүн, 31-августта ырчы Элмира Кайып кызы 42 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ырчынын сахналаштары билдиришти.

Элмира Кайып кызынын туугандарынын айтымында, ырчынын бооруна операция жасалып, ал эсине келбей каза болгон.

Ырчы Элмира Кайып кызы 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы эстрадалык студияны жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.

Алгач Р.Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде" деген ыры менен таанылган. Элмира Кайып кызынын аткаруусундагы "Булбулум" аттуу чыгарма элге кеңири тараган. Ырчы акыркы мезгилдерде Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинин насаатчысы болуп иштеп келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты ырчынын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(44)
31.08.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ии жаман болуптур!!! Арты кайрылуу болсун!!! (((((
31.08.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ыйманы Саламат болсун!
31.08.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Журогуп ыйлап жатат. Уну керемет, таланттуу эле. Аттин арман дуйно. Жаткан жери жайлуу болсун. Анын "Булбулум" деп боздогон унун азыр да эч тажабай угуп отурам http://www.super.kg/media/audio/47251
Arti түзөттү 2017-08-31 18:43:08
31.08.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ииий жапжаш эже((( арты кайырлуу болсун. Алла бейишин берсин
31.08.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айииии жаман болуптур
31.08.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жаман болуптур жакшы ырдачу эжеке акыркы убактарда сахнаданда корбой калдык эле мына ушул эжелер алыш керек эле данкты
31.08.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жакшы көргөн ырчы эле, аттиң ай. Жаны жаннатта болсун!
31.08.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Arti kairiluu bolsun, bir kizi jalgiz kaldi go....
31.08.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арты кайрылуу болсун,жакшы коргон ырчым эле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: