super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Панфилов районунда белгисиз жаран ишкерге кол салып, өзү каза болду" дейт окурман

 
Кылмыш катталган заводдун аймагы.

Чүй облусунун Панфилов районунда ишкерге кол салуу болгонун окурман "Элдик кабарга" билдирди.

"Панфилов районунда сүт иштетүүчү ишкана бар. Анын башчысы ошол эле ишкананын аймагында жашайт. Кечээ, 1-сентябрда анын үйүнө бет капчан, белгисиз адам кирип келип кол салды. Биз айылдашыбызга кирип окуя тууралуу билип чыктык. Окуя саат 17:00 чамасында болгон экен. Жабырлануучунун баласынын айтымында, үй ээси короодо чарбачылык иштерин кылып жүргөндө, дубалдан белгисиз адам секирип кирип, үй ээсине курал такап кармап алган экен. Эшикте ит үргөнүн угуп, баласы терезеден карайт. Ишкерлердин үйүндө курал болгон экен. Баласы куралды алып чыгып, терезеден эле атасына кол салган адамды атып жиберген. Бет капчан адам ошол маалда ишкерди бөйрөк тушка атып үлгүрүптүр. Ал эми кол салган адам октон алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган. Окуя боюнча милиция кызматкерлери чакырылып, сөөктү алып кетишти. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
02.09.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайлоонун алдында чон союш союп тулоо откоруш керек.боодо кырсык апааттардан алыс болобуз ошондо.адамдар пейли бузулду.ыйман алсыз.намазга конул бурушпайт копчулугу.бири бирин сыйлоо азайды.Аллах тааланын боору кен мээримдуу зат.кеч боло электе тообо кылалы туугандар.
02.09.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Баласы коркпосо,чон эле бала окшойт.Молодец!Ар бир адам оз жанын,уйун,жакындарын коргоого милдеттуу.
02.09.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура атып салганы Анан эмне карап турсунбу?!
02.09.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атасын сактап калыптыр да азамат!
02.09.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура кылыптыр атасын олтурбой аман алып калганына рахмат.
02.09.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Балким башкача болгондур
Shekeev969798 түзөттү 2017-09-02 17:35:58
03.09.2017. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мумкун ким билет корбогондон кийин уйуно алып барып туруп масканы кийгизип атып салган жакшылап териштириш керек.Мумкун чын эле ошондой болгон ишкерге кол салган.
03.09.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhykyo,Эмне уйуно алып барып масканы кийгизип анан сен мени бойрок тушка ат анан мен сени олтуром деди да ээ?
03.09.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef,)))))
04.09.2017. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef,хи хи
03.09.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: