super.kg logo

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо: Кара-Сууда журналист коркутууга кабылганын айтты

 

Бүгүн, 3-сентябрда Ош облусундагы Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өтүүдө. Шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга барган НТС каналынын журналисттери коркутууга кабылганын SUPER.KG`ге айтып берди.

“Биз оператор менен шайлоону чагылдырууга келгенбиз. Ошол жерде өздөрүн "домком" деп тааныштырган адамдар шайлоочуларды тизмектеп жазып, фамилияларын, санын тактап жатыптыр. Биз дароо аны камерага тарта баштадык. Ошол учурда күтүүсүздөн белгисиз 3 адам биздин техникаларды алууга аракеттенип, видеокамеранын батарейкасын алып, бизге моралдык басым жасап, коркута баштады. Бул окуяны көргөн адамдар дароо телефондоруна видеого тарта баштаган соң алар качып кетишти. Биз техникаларыбызды кайра калыбына келтирип, ишибизди улантып жатабыз”, - деди НТС каналынын кабарчысы Гүлжан Алтымышбаева.

Журналист бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу жагын телеканалдын жетекчилиги менен макулдашкандан кийин чече тургандыгын айтты. Эл тарабынан тартылган видео интернеттеги социалдык тармактарга тарады. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул окуяны иликтөө үчүн материалдар Ички иштер министрлигине жөнөтүлөрүн айтты.

“Биз маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарды жана видеону тиркеп, журналист Гүлжан Алтымышбаева менен такташып, маалыматтарды Ички иштер министрлигине жиберебиз. Учурда аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына да бул окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тапшырма берилди”, - деди БШКнын мүчөсү Абдрахматова.






Кара-Сууда журналисттер коркутуга кабылганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.09.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазалаш керек ким булар эшшектер десе мынча наглый айбандар
04.09.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nargiza1987k,булар жазаланат беле,сөзүңө караганда чет өлкөнөн жаңы келген окшойсуң.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: