super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош ОИИББинин басма сөз кызматы: "Оодарылган газ ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган"

 

Бүгүн, 4-сентябрда Ош-Аэропорт унаа жолунда газ ташуучу чоң унаа кырсыкка кабылып, жолдун жээгине кулап калганы тууралуу "Элдик кабарга" окурман маалымат жиберген. Бул окуяны Ош ОИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге тастыктап, буларды билдиришти:

"Окуя Ош облусунун аймагында болгон. Ош-Аэропорт жолунда чыгыштан батышты көздөй келе жаткан чоң унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгиндеги столбаны сүзүп, оодарылып калган. Кырсык катталган жер айланма жол болгондуктан чукул бурулуш болуп, чоң унаанын кайрылышына кыйынчылык туудурган. Учурда жыгылган унаанын айланасында "Тез жардам" кызматы, өрт өчүрүү кызматы сыяктуу тийиштүү мекеме кызматкерлери иш алып барып жатат. Кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Айдоочу медициналык жардамга муктаж эмес экен. Унаа оодарылгандын натыйжасында бир аз материалдык чыгым келип чыккан", - деп билдирди Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын тергөөчүсү Жанна Сатарбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.09.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир аз эмес көп эле чыгым болуптур...Унаасынын алдын оңдош кк,жыгылган столбаны ордуна келтириш кк тегеректеген МАИчилердин оозун жабыш кк дегендей.
04.09.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз материалдык чыгым?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: