Аида Салянованын жактоочусунун баласы ооруп калгандыгына байланыштуу соттук отурум жылдырылды



Ленин райондук сотунда каралып жаткан Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өтпөй калды. Белгилей кетсек, бүгүн, 4-сентябрда түшкө чейин орун алган соттук отурум саат 14:00дө кайрадан уланмакчы болгон.
Аида Салянованын жактоочусу сотко баласынын ооруп калганын айтып отурумду башка күнгө жылдыруу боюнча өтүнүч келтирди. Келтирилген өтүнүчтү прокурорлор колдоого алып сот өтүнүчтү канааттандырды. Соттук отурум 6-сентябрга жылдырылды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
AIZAD

04.09.2017. 17:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала оорубасын!!! Чын болсо да калп болсо да ото жаман..
KUBI

04.09.2017. 23:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы бийлик не деген,оздорунон баштабайбы камап.Кичине да болсо уялыш керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.