ӨКМ: "Ноокен районунун Масы айыл аймагында эки жеңил унаа сүзүшүп, эки адам унаанын ичинде кыпчылып калды"
Ноокен районунун Масы айыл аймагында эки жеңил унаа сүзүшүп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 530-чакырымында таңкы саат 06:40тар чамасында Нексия үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Кырсыктан Нексиянын айдоочусу жана жүргүнчүсү унаадан чыга албай кыпчылып калган. Куткаруучулар кыпчылып калган адамдарды чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Каза болгондор жок деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.