super.kg logo

Москвада Ауди А8 унаасынан 37 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

 

Москва шаарынын түштүк жагында Ауди А8 үлгүсүндөгү унаанын ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу полицияга жолдо өтүп бара жатып көрүп калгандар кабарлаганын бүгүн, 5-сентябрда "Комсомольская правда" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан 2-сентябрга караган түнү Ауди А8 унаасынын ачык калган эшиктеринен эркек кишинин жансыз денесин көргөн жашоочулар полицияга кабар беришкен. Полициянын айтымында, маркумдун төшүндө жана белинде кескиленген жаракаттары болгон.

Иликтөө иштери маркумдун 37 жашта экендигин жана ал Орусияга Кыргыз өлкөсүнөн келгенин аныктаган.

"Каза болгон адам Орусиянын борборуна 2 ай мурун келген, Орусиянын аймагында убактылуу жүргөндүгү тууралуу документтерди даярдаган эмес. Ошондой эле анын бул шаарда иштебегендиги белгилүү болду. Ал тааныштарына конокко келген деген божомолдор бар. Аны өлтүрүүгө эмне себеп болгондугу иликтенүүдө. "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп айтылат полициянын маалыматында.

Азыркы учурда кырсыкты иликтөө иштери жүргүзүлүп, маркум жөнүндө маалыматтар такталып, кылмышка катышкандарды табуу иштери жүрүүдө. Бул үчүн соттук экспертизалар дайындалгандыгын Москва шаардык тергөө комитети билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
05.09.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аты жону такталбаса кантип билишти экен 37жаштагы Кыргыз олкосунон баргандыгын
05.09.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Oreanda,туура айтасын
05.09.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oreanda, миграционный карта деген нерсе бар бул жерде аты жону белгисиз деп жазбаган
05.09.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аллахым бейиштен жай насип этсин.Олтургондор озубуздун кыргыздар болушу мумкун.
06.09.2017. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kurstan-ali, Эмне учун сразу эле кыргыз... кыргыз... Ниетибизди ондойлучу туугандар.
05.09.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын, заман эмне эле болуп баратат?
05.09.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде орустар алдын ала эле жоопкерчиликтен качып жаткандай го документ даярдаган эмес деп.
06.09.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Заман эмес адамдардын ниети бузулду.заман оз орду менен.алдын ала суудан чан чыгарбай туралы.жакын арада айтылат эмне болгону
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: