super.kg logo
  Саясат  

Төрөбаев менен Бабановдун биригиши мүмкүндүгү боюнча алардын тарапташтары ойлорун айтышты

 

Бүгүн, 6-сентябрда президенттикке талапкерлер Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов бириге турганы тууралуу SUPER.KG'ге Ак Үйдөгү өздүк булагы билдирген. Ал эки саясатчы бири-бири менен макул болсо, биригүүсү жөнүндө жакынкы күндөрү расмий билдирип чыгышат деген пикирин айткан. “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика-Ата Журт” фракцияларынан депутаттар Төрөбаев менен Бабановдун жолугушуусу болгонун SUPER.KG'ге ырасташты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров бул маалыматты интернет булактарынан окуганын айтты. Ал бардык талапкерлер арасында сүйлөшүүлөр, жолугушуулар болуп жатканын белгиледи. Ошонун катарында Бабанов менен Төрөбаев дагы жолукканын билдирди. Бирок эки саясатчы кандай чечимге келгенин так айта албай турганын кошумчалады.

Анын фракциялашы Зиядин Жамалдинов Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев жана башка талапкерлер менен жолукканын айтты. “Эки талапкердин биригүүсү боюнча мен да угуп жатам. Бирок сүйлөшүүгө катышпагандан кийин бул боюнча айта албайбыз. Негизи талапкерлердин ортосунда сүйлөшүүлөр биригүүнүн негизинде болот”, - деди Жамалдинов.

Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев "Бабанов менен Төрөбаев биригишсе жакшы болмок" деген пикирин билдирди. “Эки талапкер бириксе Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн жакшы болмок. Учурда бардык талапкерлер арасында сүйлөшүүлөр болуп жатат. Чечимдери боюнча бизде маалымат жок”, - деди Тиллаев.

Депутат Мирлан Жээнчороев: “Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттикке талапкер катары экөөнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Бирок "экөө биригет" деген кептерге комментарий бере албайм”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: