super.kg logo

ТЕСТ: Саякбай Каралаев кат тааныбай өмүрдөн өтүп кеткенби? Алп манасчы тууралуу алакандай болсо да билесизби?

 

Мындан 123 жыл мурун, тактап айтканда, 1894-жылдын дал ушул күнү айтылуу манасчы Саякбай Каралаев жарык дүйнөгө келген. Ал “Манас" эпосунун “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин толук айтып, “ХХ кылымдын Гомери” деген баага татыган. Бүгүн ал манасчы тууралуу эмнелерди билесиз? Тесттен өтүп көрүңүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

Саякбай Каралаев "Манас" айткандан тышкары эмне менен алектенген?

Замандаштары аны “бүркүт салганга аябагандай устат эле” деп эскеришет. Гастролго чыкканда аты менен бүркүтүн теңтуштарына таштап, анан келгенде атын минип, колуна бүркүтүн кондуруп жайлоолорго барып бүркүт салчу экен.

Кийинки суроо


Мүнүшкөрлүк
Багбанчылык
Устачылык
Ырчылык

Саякбайдын айтуусунда дагы кайсы эпос жазылып алынган?

С.Каралаевдин айтуусунда “Эр Төштүк” эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан.

Кийинки суроо


"Курманбек"
"Жаныш-Байыш"
"Эр Табылды"
"Эр Төштүк"

Саякбай Каралаев канча жолу “Эмгек Кызыл Туу” орденин алган?

Саякбай Каралаев “Эмгек Кызыл Туу” орденин 3 жолу алган. Андан сырткары СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз ССРнин Эл артисти болгон.

Кийинки суроо


2
1
3
4

Саякбайдын вариантындагы “Манас” эпосунун жалпы көлөмү канча ыр сапты түзгөн?

1935-жылдан тарта Каралаевдин толук варианты боюнча “Манас” эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин “Семетей”, “Сейтек” жазылып алынган. “Манас” эпосунун Саякбайдын вариантындагы жалпы көлөмү 500 553 ыр саптарын түзгөн.

Кийинки суроо


300 553
500 553
500 053
500 500

Саякбай Каралаевдин 2 уул, 4 кызы болгон. Уулдарынын аттарын атаңыз?

Саякбай Каралаевдин 2 уул, 4 кызы болгон. Кыздары Рабига, Каликан, Сайракан жана уулдары Сыргак, Чубактын көзү өтүп кеткен. Азыркы учурда кичүү кызы Гүлсүн Саякбаева арабызда жүрөт.

Кийинки суроо


Алымсарык менен Кулансарык
Семетей менен Сейтек
Чоро менен Сыргак
Сыргак менен Чубак

Замандаштары Саякбай Каралаевди кандай эскеришет?

Замандаштары аны оюнкараак, көңүлү ачык жүргөн киши эле деп эскеришет. Жүргөн жери козунун эти, кымыз, күлкү, тамаша болчу.

Кийинки суроо


Жүргөн жери күлкү эле
Эч кимге сүйлөбөгөн адам болчу
Оор басырыктуу эле
Кабагын дайым бүркөп жүрчү

Саякбай Каралаев тууралуу “Улуу манасчы” документалдуу фильмин ким тарткан?

“Улуу манасчы” документалдуу фильмин 1966-жылы режиссёр Мелис Убукеев тарткан. Ал Саякбай Каралаевдин "Манас" айтканын 14 сааттык же 12 миң метрлик кино тасмага жазып калтырган. Анын кээ бир гана эпизоддору фильмге колдонулган.

Кийинки суроо


Дооронбек Садырбаев
Мелис Убукеев
Геннадий Базаров
Төлөмүш Океев

Саякбайдын Сагымбай манасчыдан айырмасы эмнеде болгон?

Сагымбай лирик манасчы болгон. Ал жердин көркүн, табиятты, адамдардын ортосундагы мамилени укмуш сүрөттөгөн. Ал эми Саякбай эпик манасчы болгон. Ал сүрөттөгөндө жөн чоро - алп, жай күлүк – тулпар болуп чыга келген. Эпоско жан бүтүп, каршы жоону селдей каптагандай сезилчү.

Кийинки суроо


Саякбай эпик манасчы болгон
Айырмасы болгон эмес
Эки замандын манасчылары болушкан
Саякбай лирик манасчы болгон

Улуу манасчы канча жашында кат тааныган?

Улуу манасчы сөздүн чебери болгону менен, калем сапка жок болгон. Өзү айткандай, калем сапты “канарар” аларда эле бир кармап, анан таштап койчу.

Кийинки суроо


50 жашында
Аскерде жүргөндө кат тааныган
Кат тааныган эмес
30 жашында

Саякбай Каралаевди борборго ким алып келген?

Саякбай Каралаевди 1930-жылы эл арасынан таап, борборго Кусеин Карасаев алып келген. Алгач анын үйүндө жашаган.

Кийинки суроо


Карамолдо Орозов
Кусейин Карасаев
Төрөкул Айтматов
Касым Тыныстанов

Манасчы 1918-жылы советтик бийликти коргогон эрктүү отряддын катарына алынат. Ошол мезгилде жоокерлер арасында кандай атка татыган?

Манасчы 1918-жылы советтик бийликти коргогон эрктүү отряддын катарына алынат. Ошол мезгилден тарта Саякбайдын билген элдик оозеки чыгармалары, айрыкча анын ичинде “Манас” эпосу жоокерлер арасында кеңири жайылган. Мындан улам аны “Жомокчу кызыл аскер” деп атап алышкан.

Кийинки суроо


Жомокчу кызыл аскер
Түш көргөн манасчы
Ырчы жоокер
Куудул Саякбай

Саякбай Каралаевдин чоң манасчы болуп калыптанышына ким себепчи болгон?

Саякбайдын шыгынын өсүшүнө чоң энеси Дакиш түрткү берген. Ал эми анын чоң манасчы болуп калыптанышына Чоюке Өмүр уулунун таасири зор болгон.

Кийинки суроо


Сагымбай Орозбаков
Тоголок Молдо
Чоң апасы Дакиш
Чоюке Өмүр уулу

Эмне себептен манасчынын аты Саякбай деп аталып калган?

Алгач туугандары, кийин атасы Карала да Ак-Суу районунун Маман айылынан Тоң районунун Ак-Өлөң айылына көчүп барган. Ал жактагылардын көбү саяк уруусунан болушкан. Манасчы ошол жерде төрөлгөндүктөн атасы Саякбай деп койгон.

Кийинки суроо


Саяк уруусу отурукташкан жерде төрөлгөн
Саяк уруусунан болгон
Атасы Саяк деген байдын кулу болгон
Жети атасынын бири Саякбай болгон

Саякбай Каралаев кайсы айылда жарык дүйнөгө келген?

Саякбай Каралаев Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Анын түпкү ата-теги Ак-Суу районунун Маман айылынан болот.

Кийинки суроо


Арчалы
Ак-Өлөң
Ак-Сай
Төрт-Күл

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
07.09.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
58 упай..Каап, айрымдары эстен чыгып кеткен экен.
07.09.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ulanbek1992, Экинчи жолу 100 упай) Азаматсыз! Манасчы окшойсуз,дейт..
07.09.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
36
07.09.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
43
07.09.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
43
07.09.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
27((
07.09.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
36 (уят эле
07.09.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчисинде 29 экинчисинде 100))
07.09.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
15)))
07.09.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
26упай,эхх
07.09.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
50 упай
07.09.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
86
07.09.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
65((
07.09.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
50
08.09.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
115 Азаматсыз! Манасчы окшойсуз,дейт.
Taalaibek. түзөттү 2017-09-08 00:19:26
08.09.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
79
23.11.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
29 упай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: