super.kg logo

ТЕСТ: Уул үйлөп, кыз берүүдөгү салттарга кандайсыз?

 

Кечээ социалдык тармактардын биринен тамашалуу бир пост окуп калдым. "Кыргыздын 3 нерсесин учу-кыйырсыз карап турууга болот: 1. Кантип насыя алып жатканын. 2. Турак жайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатканын. 3. Кантип тойлордон калбай барганын".

Чындыгында кыргыздын тапкан ташыганын намыс үчүн деп тойго салып, элге уят болбой уулумду үйлөп, кызымды узатайын деп тырмышып, насыя алып болсо да той бергени адаттагыдай эле көрүнүш. Аша чапкан ысырапкорчулук менен күрөшүп жеңе албагандар да бар. Төмөндөгү тесттен өтүп, үйлөнүү тойлору, уул үйлөнтүп, кыз узатуу салттары кандай өзгөрүп кеткенин баамдаңыз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Азыр социалдык илдетке айланып, мыйзамсыз саналган "кыз ала качуу" көрүнүшү кандай аталган?

Азыркы учурда кыргыз коомчулугунун көйгөйүнө айланган "кыз ала качуу" көрүнүшү ата-бабаларыбызда "кыз качыруу" деп аталып, зордук-зомбулук эмес, башкача максатта ишке ашырылган. Маселен, эгер кыз-жигит бири-бирин жактырып калса ортого жеңелери ортомчулук кылып, кызды болочок күйөөсүнө качырып берген. Мындан соң кызды качырып алган тарап кудалары тарапка "ачуу басар" болуп уруу-уруктун аттуу-баштууларынан шайланып топ болуп барышкан.

Кийинки суроо


"Кыз бөктөрүү"
"Кыз жазгыруу"
"Кыз качыруу"

Кыргыздын салты боюнча баш кошо турган кыз-жигиттин биринчи көрүшкөн күнү кандай аталган?

Жар көрүү – үйлөнүү үлпөтүнө чейин аткарылуучу жөрөлгө. Эки тарап кудалашкандан кийин болочок күйөө бала жолдош ээрчитип, колуктусунун айылына келип түшөт. Ошол жерге кыз тараптагылар атайын боз үй тигип, кыз оюнун өткөрүүнү күйөө бала тараптан талап кылышат. Оюн жүрүп жаткан маалда кыз-күйөө 1-жолу бири-бирин көрүшкөн. Кыз тарап, жигит тарап болушуп, жар-жар ырдашып, кыргыздын улуттук оюндары ойнолуп, күйөө жолдош кыздын жеңелеринин талаптарын аткарып, камдап келген белектерин тартуулашкан.

Кийинки суроо


Жар көрүү салты.
Кызга куда түшүү.
Кыз узатуу.

Кыздын колун суроого келген адамдар колдончу макалдар кайсылар?

Көңүлгө туура келген ылайыктуу кыз табылган учурда анын атасынын үйүнө атайын жуучулар жөнөтүлгөн. Макулдугун бербей койбосу үчүн жуучулукка атайын жашы улуу аксакалдар менен эл ичиндеги кадырлуу кишилерди же болбосо чукугандай сөз тапкан, чечен адамдарды тандашкан. "Кымызды суусаганга бер, кызды сураганга бер", "Ырыстууга жуучу келет, ырысы жокко доочу келет" деген макалдар сөз баштоодо жардамга келген.

Кийинки суроо


"Кыздуу үйдө кыл жатпайт". "Энесин көрүп кызын ал".
"Эки оору бир келсе, ажалыңдын жеткени". "Эки доочу бир келсе, амалыңдын кеткени".
"Кымызды суусаганга бер, кызды сураганга бер". "Ырыстууга жуучу келет, ырысы жокко доочу келет".

"Бел куда" деген түшүнүктүн мааниси эмнеде?

Бел куда — ата-энелердин балдары төрөлө электе эле кудалашуусу. Ымаласы жакын адамдар өздөрүнүн жакындыгын бекемдөө же сөөк жаңыртуу максатында кыз же уул эненин курсагында кезинде эле кудалашып коюшкан. Кудалашуунун бул түрү "Манаста" да чагылдырылган. Эпосто Семетей менен Айчүрөк төрөлө электе эле Манас менен Оогандын каны Акун бел куда болушат.

Кийинки суроо


Ата-энелери теңтуш болуп жүрүшүп, анан бирөөнүн атасы же энеси каза болуп калганда, катташып жүрөлү деп кудалашып коюшат.
Кошунасыныкында кыз бала төрөлгөндө уулуна кудалап коёт.
Бала курсактагы кезинде эле кудалашып коюу.

Жан баштык деген эмне?

Жан баштык - баш алган тарап кызды төркүлөтүп чоң кудага барганда кызмат кылган келиндерге жана кыздын эже-сиңдилерине тарата турган кооз буюм, таттуулар салынган баштык. Ал кийизден же кооз кездемеден тигилип, чачылар тагылат. Ичине чач учтук, сөйкө, билерик, шакек, жүз аарчы сыяктуу кыздын көзүн кызыткан буюмдар салынат. Баштыкты ала турган келинди да алдын ала шайлашат. Шарт боюнча ал уруунун же үй-бүлөнүн барктуу келини болушу керек.

Кийинки суроо


Куда-сөөк кыздын үйүнө эшик-төр көрүп келгенде алган устукандарын чогултуп салып кетчү баштык.
Баш алган тарап кудага барганда ичине таттуулар, секелек кыздарга, келиндерге тарата турган буюмдарга толгон баштык.
Келинге көрүндүк чогулта турган баштык.

Кызды үйдөн башка үйгө бүлө кылууга алып кетип жатканда апасынын этегине таш бастырып коёт. Бул жөрөлгөнүн мааниси эмнеде?

Кызы барган жерине бекем орноп, таштай катып уюсун, ажырашуу болбосун, үйүнө себепсиз келе бербесин деген мааниде кызды үйдөн алып чыгып кетип жатканда апасынын этегине таш же балта бастырып коюшкан. Ошентип энеси кызын кудаларга кошуп берип жатканда узатып чыккан эмес.

Кийинки суроо


Кызы барган жерине бекем орноп, таштай катып уюсун, үйүнө себепсиз келе бербесин деген тилекте.
Жакшылыкка кетип жаткан кызын ыйлап узатып, беймаза кылбасын деген мааниде.
Кыз кыялын төркүнүнө таштап кетсин деген мааниде.

Жубайлар баш кошуп жатканда Кыргыздын айрым аймактарында колдонулган "өпкө чабуу" жөрөлгөсүнүн мааниси...

Өпкө жамандыкты сиңирип алат деген ишеним менен өпкө чабуу жөрөлгөсү пайда болгон. Жаңы келин келгенде ага арналып эчки союлат. Үйлөнүп жаткан эки жашты бири-бирине желкесин тийгизип отургузуп, чапан жаап туруп үйдүн аксакалдарынын бири жаңы союлган эчкинин өпкөсүн алып жаштарды урат. Андан соң өпкө итке берилет. Өпкө чабуу садага катары саналып, жубайларды кырсыктан сактоо, көп балалуу болушун камсыздоо максатында жасалат.

Кийинки суроо


Эки жаш ынтымактуу болсун деген мааниде.
Жубайларды кырсыктан сактоо, көп балалуу болушун камсыздоо максатында жасалат.
Үй-бүлөнү ким башкара турганын аныктап алуу үчүн жасалат.

Өкүл ата жана өкүл апаны кимдер шайлаган? Алардын милдеттери кандай?

Өкүл ата жана өкүл эне ким болорун жаш жубайлар эмес, уулдун ата-энеси гана чечкен. Азыркы учурда өкүл ата, өкүл апа шайлоо жөрөлгөсү өзгөрүп, кыз тарап дагы шайлап алганга өтүп кеткен учурлар бар. Алар түгөйлөргө баш-көз болуп, кайын журтуна же эне-атасына айта албаган маселелерин угуп, аларга жеткирбей эрте чечишкен. Алар эки жаштын никесин кыюуга да катышкан. Тийиштүү жерлерде жаш үй-бүлөгө мал энчилеп, материалдык колдоо да көрсөтүшкөн.

Кийинки суроо


Эки жаш өзү шайлайт. Ал эми алардын милдети жаңы үй-бүлөнү материалдык жактан колдоосу керек.
Кыздын ата-энеси шайлайт. Эгер үй-бүлөдө уруш чыкса, алар келинге болушуп туруусу керек.
Өкүл ата, өкүл апаны күйөө бала тарап гана шайлайт. Алардын милдети баш кошуп жаткандардын никесин кыюуда күбө болуу. Экөөнүн ортосунда чыккан чыр-чатакты ата-энелерине жеткирбей өз кеңештерин берип чечүүгө көмөктөшүү.

Азыр кыз узатуу же үлпөт той десе эле дароо эске жар-жар айтуучу келет. Илгери жар-жарды кимдер айтышкан?

"Жар-жар" ыры үйлөнүү тоюнда кыз менен күйөөнү жар көрүштүргөндө ырдалып келген. Ырдын мазмунуна токтолсок, кыз өзүн баалап барктаган сөздөрдү ырга салса, жигит тек жаатын айтып, кызды кор кылбай багып алары сыяктуу нерселерди кошуп ырдашкан. Кийинчерээк насаат ыр катары жазылып, аны көп балалуу, кадыр-барктуу, турмушта орду бар, үй-бүлөнү сактай билген, акылман аялдар турмуш куруп жаткан жаштарга насаат кылып айтышкан.

Кийинки суроо


Үйлөнүп жаткан жигиттин жеңеси айткан.
Баланын киндигин кескен энеси айткан.
Алгач жар-жарды кыз-жигит айткан.

Кыргызда кыз күйөөгө узап кетип жатканда энеси жана жеңелери аткарган негизги салт кайсы болгон?

Азыркылар үчүн кыз узатып жатканда кошок кошуп отуруп алуу өөн учурашы мүмкүн. Бирок өз заманында бул бекем карманган салт болгон. Кыз күйөөгө узап жатканда анын жакындары кыздын кылыктарын, артыкчылыктарын айтып кошоктун обонуна салып кошушкан. Эгерде кызга кетип жатканда кошок кошулбай калса, анда кыздын айта турган артыкчылыктары жок экен деп эсептешкен.

Кийинки суроо


Кызды кайын журтуна узатып баруу.
Кошок кошуу.
Чач өрүү.

Сүт акы деген эмне?

Эне баланы чоңойтуу үчүн боюна бүткөндөн тарта төрөп өстүргөнгө чейин кандай азап чегет. Кыргызда кыз балага эненин тарбия бериши абдан чоң маанилүү философия менен туюндурулат эмеспи. Ошол себептен келин алып жаткан тарап кызын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып чоңойтуп, тарбиялап андан соң бүлө кылып бизге берип жатат деп энесине "сүт акыга" акчалай же алтын менен белек берген.

Кийинки суроо


Турмушка узап жаткан кыздын апасына ыраазычылык иретинде берген белеги.
Куда-кудагыйлар келинди үйүнө төркүлөтүп келгенде кыздын энесине берген белеги же акча.
Куда-кудагый тарап баш алганы келгенде ак ала келип сунуусу.

Кыз бүлөгө келин болуп келгенде анын беш көкүл өрүлгөн чачы жандырылып, май сүйкөп, кебез байланып экиге өрүлгөн. Бул салттын мааниси кандай?

Келин үйгө бүлө болуп келгенде уул келинге алгач нике кыйылган. Нике кыйылгандын эртеси кыздын беш көкүл өрүлгөн чачын жандырып, эки кылып өрүп, үкү топусун чечип, шөкүлө кийгизишкен. Мунун мааниси - келген кыз секелек курактан өтүп, чачы бүтүндүккө бирикти, майлуу сүттүү болуп, алдын бала бассын, ак кебездей таза, акжолтой болсун деген мааниде. Чачты дагы жөн салды аялдар эмес, көптү төрөгөн, кадыр-барктуу, урууда же айылда бараандуу делген аялдар өрүшкөн.

Кийинки суроо


Келин көрүп келгендерге жүгүнгөндө чачы жүдөтпөшү үчүн...
Чачын ак басканча узак жашасын деп...
Майлуу сүттүү, ак кебездей жумшак, акжолтой келин болсун деп...

Жүгүнүү эмнени түшүндүрөт жана кандайча келип чыккан?

Келин кайната-кайненесине, кайнага-кайнежелерине, күйөөсүнөн улуу туугандарына учурашуу иретинде күнүгө бир жолу (биринчи кезиккенде) жүгүнүүгө милдеттүү болгон. Жүгүнткөн улуу кишилер ага алик алган жооп катары "Тилегиңди берсин" деп алкоо айтышып, "Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын. Алганың менен тең кары, ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн" деген сыяктуу жана башка бата беришкен. Күйөө бала дагы биринчи жолу кайын журтунун үстүнө жүгүнүп кирет.

Кийинки суроо


Жаңы келген келин кайын-журттан уялганынан жүгүнгөн.
Жаңы келген келин кайын ата, кайненеден ыйбаа кылып, үнүн катуу чыгарып учурашуунун ордуна башын ийип жүгүнүү - сый мамилени түшүндүргөн.
Күйөөсүнөн жана анын ата-энесинен корккондуктан жүгүнүп турган.

Куда түшүү салты кандай жана аны кимдер аткарат?

Куда түшүү - үйлөнчү жигиттин ата-энеси же башка урук-туугандары бойго жеткен кыздуу үйгө кызынын колун сурап келүүсү. "Жуучу түшүп келиптир" деп да коюшат. Бул жөрөлгөнүн арты менен куда-сөөк болчу эки түтүн эки жаштын баш кошуусу тууралуу сүйлөшүп, "Кызды сураганга, кымызды суусаганга бер" деген кептер дал ушул учурда айтылат.

Кийинки суроо


Үйлөнчү жигиттин ата-энеси бойго жеткен кыздуу үйгө колун сурап келүүсү.
Кыздын ата-энеси жигиттин үйүнө барып, күйөө баласы менен алдын ала сүйлөшүүсү.
Келечектеги куда-кудагыйлар тоодон ылдый түшүп, балдарынан далдоо жерде сүйлөшүшкөн учурду "куда түшүү" дешкен.

Кыргызда кыздуу болгондо "кырк жылкылуу болду" дешет. Себеби...

Туура жооп 2. Кыз бойго жетип турмушка узап жатканда аны жогору баалап калыңга кырк жылкы келет дешкен. Чындыгында колунда бар, бай-манаптын тукумдары кыз берип келин алышканда калыңына тогуздап мал айдап, 3 күн 3 түн алты бакан селкинчек куруп той беришкен.

Кийинки суроо


Кызды көрүп келгендер бирден жылкы алып келишет.
Кыз бойго жетип турмушка узаганда калыңга кырк жылкы келет.
Кыздын түйшүгү кырк жылкыга жүк деген мааниде.

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(40)
09.11.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0


Сиздин упайыңыз
74
Туура жооп: 11
Ката жооп: 4
Жалпы: 15 суроо
Азаматсыз! Кыз берип, уул үйлөөдө мыкты кеңешчи болчудайсыз.
09.11.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЕСТ: УУЛ ҮЙЛӨП, КЫЗ БЕРҮҮДӨГҮ САЛТТАРГА КАНДАЙСЫЗ?

Сиздин упайыңыз

80
ТУУРА ЖООП: 12
КАТА ЖООП: 3
ЖАЛПЫ: 15 СУРОО
Баракелде! Салт-санаага келгенде камчы салдырбайт экенсиз.
09.11.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура жооп 12.ката 3.80 балл
09.11.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
09.11.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нарктуу аксакалдар менен баарлашып, китепти көп окуңуз.
09.11.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде! Салт-санаага келгенде камчы салдырбайт экенсиз.
09.11.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 упай
09.11.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде 87 балл
09.11.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
09.11.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87
09.11.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
94
09.11.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
200 бал деп чыктыго бул эмнеси
09.11.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
администрация реал Мадрид баракчасын кайдан таба алам
09.11.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul94, саламатсызбы! https://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=100752&hl=реал мадрид&st=0
09.11.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 балл
09.11.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
54

Бироо нервтени - басып чыкканго баарына)
09.11.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕСТ: УУЛ ҮЙЛӨП, КЫЗ БЕРҮҮДӨГҮ САЛТТАРГА КАНДАЙСЫЗ?

Сиздин упайыңыз

94
ТУУРА ЖООП: 14
КАТА ЖООП: 1
ЖАЛПЫ: 15 СУРОО
Баракелде! Салт-санаага келгенде камчы салдырбайт экенсиз.
09.11.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80балл 12 туура жооп
09.11.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100балл..
10.11.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл
10.11.2017. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 ,3ката болуп калды
16.11.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
16.11.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67 бол
22.11.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин упайыңыз 87 ТУУРА ЖООП: 13 КАТА ЖООП: 2 ЖАЛПЫ: 15 СУРОО Баракелде! Салт-санаага келгенде камчы салдырбайт экенсиз.
01.12.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса 60 болду
02.12.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратып деле билбейт экенмин 47
09.12.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл. Бир ката
21.12.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
21.12.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67
30.12.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
29.05.2018. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде! Салт-санаага келгенде камчы салдырбайт экенсиз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: