super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте эрежесиз уруш боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеште 3 кыргыз мушкери чемпиондук кур үчүн күч сынашты (Фото)

 

Кечээ, 8-сентябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз уруш боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеш өтүп, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея жана Кыргыз өлкөлөрүнүн мушкерлери күч сынашты.

Мелдештин алкагында баш-аягы 17 беттеш орун алып, алардын үчөөсү чемпиондук кур үчүн болду.

Кулатуу эр таймашы (WEF) боюнча чемпиондук 3 кур үчүн 6 мушкер таймашты:

Рузибаев Нурсултан (Өзбекстан) Нуралиев Алманбетти утуп (Кыргыз өлкөсү) кулатуу эр таймашы боюнча 84 килограмм салмактык чен өлчөмдө чемпион аталды.

Ал эми 61 килограмм салмактык чен өлчөмдө Сатыбалдиев Азиз (Кыргыз өлкөсү) Даулетов Кенжебекти (Казакстан) утуп чемпиондук курду тагынды.

57 килограмм салмактык чен өлчөмдө Бекишев Ариет (Кыргыз өлкөсү) Сайдуллаев Рустамды (Казакстан) кол кайруу ыкмасы менен утуп чемпион болду.

Андан сырткары кулатуу эр таймашы боюнча дагы 14 беттеш өттү:

57 килограмм салмактык чен өлчөмдө Могуев Рамзан (Кыргыз өлкөсү) Урматбек уулу Баястанды (Кыргыз өлкөсү) утту.

61 килограмм салмактык чен өлчөмдө Тойчиев Бакыт (Кыргыз өлкөсү) Кудайбердиев Русланды (Кыргыз өлкөсү) техникалык нокаут менен утту.

66 килограмм салмактык чен өлчөмдө Садридинов Кылыч (Кыргыз өлкөсү) Абдулхамидов Шахжахондон (Өзбекстан) калыстардын чечими менен көп упай топтоп жеңишке жетти.

66 килограмм салмактык чен өлчөмдө Садык уулу Рыскелди (Кыргыз өлкөсү) Хамзалиев Эмир (Өзбекстан) менен беттешип утуп алды.

66 килограмм салмактык чен өлчөмдө Юсупов Муса (Кыргыз өлкөсү) Урматбек уулу Полотбекти (Кыргыз өлкөсү) утуп алды.

66 килограмм салмактык чен өлчөмдө Эртабылдыев Майрамбек (Кыргыз өлкөсү) Оспанов Бабуржанды (Казакстан) колун кайруу ыкмасы менен утту.

70 килограмм салмактык чен өлчөмдө Шарип уулу Белек (Кыргыз өлкөсү) Абдувалиев Арген (Кыргыз өлкөсү) менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңишке жетти.

71 килограмм салмактык чен өлчөмдө Дүйшөбай уулу Бакытбек (Кыргыз өлкөсү) Жаныбек уулу Каныбекти (Кыргыз өлкөсү) утуп алды.

71 килограмм салмактык чен өлчөмдө Саякбаев Ринат (Кыргыз өлкөсү) Бакторазов Мурат (Кыргыз өлкөсү) менен беттешип тең чыгуу катталды.

77 килограмм салмактык чен өлчөмдө Муханов Сагындык (Казакстан) Гимбатов Рамзанды (Кыргыз өлкөсү) утту.

77 килограмм салмактык чен өлчөмдө Казим Жахангиров (Кыргыз өлкөсү) Ки Чанг Жуну (Түштүк Корея) утуп алды.

77 килограмм салмактык чен өлчөмдө Сабиров Шахзод ( Өзбекстан) Темирбеков Манасты (Кыргыз өлкөсү) утуп алды.

77 килограмм салмактык чен өлчөмдө Ирисбай уулу Нурсултан (Кыргыз өлкөсү) Ганиев Шерзод (Өзбекстан) менен беттешип тең чыгышты.

93 килограмм салмактык чен өлчөмдө Хантураев Мурат (Өзбекстан) Хасиков Арсланбекти (Кыргыз өлкөсү) нокаут менен утуп жеңишке жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
09.09.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хантураев келиптирда.ал озбекистандык элего.казакстандын атынан чыктыбы админ? ага Ак аюну коюш керек эле.Ак аюу жок мелдеш кызыксызыраак
09.09.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Attila88,Озбекистан деп турат.
09.09.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.arts.,Аа туура эмес окуп алыпмын.
09.09.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туркиядан чыкпаптыргооо
09.09.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркексиң ариет братан кыргыздын керегине жарадың
09.09.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын,АРИЕТ!ИЙГИЛИК!
12.09.2017. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хасиков бул Казактын атынан чыгатко..)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: