super.kg logo

О! мобилдик операторунан үнѳмдүү роуминг – жаңы багыттар

 

О! мобилдик оператору Кыргызстандын гана аймагындагы эмес, дүйнө жүзүндөгү кардарлары менен болгон байланышын үзгүлтүксүз өркүндөтүп келет. Роуминг дүйнөнүн 150 мамлекетинде иштейт, ал эми популярдуу багыттар боюнча тарифтер ар дайым төмөндөтүлүп турат.

Акыркы учурда корпоративдик кардарлар үчүн роуминг боюнча ишенимдүү өнөктөштөрдүн саны көбөйдү. Бул болсо О! абоненттеринин төмөндөгү байланыш операторлорунун тармагында ар дайым байланышта болушуна шарт түзөт:

  • STC (Сауд Арабиясы менен) – добуштуу жана интернет-роуминг;
  • Moldtelecom (Молдова) – добуштуу роуминг;
  • Etisalat (Египет) – оператордун тармагындагы LTE интернет-роуминги;
  • Base (Бельгия) –оператордун тармагындагы LTE интернет-роуминги;
  • Vivacom (Болгария) – интернет-роуминг.

Бардык О! жеке абоненттерине Испаниядагы, Катардагы жана Гана Республикасындагы Vodafone тобунун операторлор тармагынын роуминги жеткиликтүү болот.

Кыргызстандыктардын эң көп каттаган мамлекеттеринде – Россияда (Tele2 жана Мегафон тармактарында), Казакстанда (Tele2 тармагында) жана Түркияда (Turkcell тармагында) – мурункудай эле интернет-роумингдеги мегабайттын болуп көрбөгөндөй баасы – болгону 1 сом экенин эсиңиздерге салабыз. Сауд Арабиясынын Saudi Telecom Company (STC) операторунун тармагында 21-августтан баштап 1 МБ интернет-роуминги - 1 сом дисконт-тарифи ишке кирет.

Сиздин чалуу жана чалууларды кабыл алуу, SMS билдирүүлөр менен алмашууңузга мүмкүндүк бере турган “Роуминг” кызматтарына гана кошулуу үчүн *996# командасы менен USSD талабын жөнөтүңүз, ал эми интернет менен роумингге кошулуу үчүн *997# жөнөтүүңүз жетиштүү.

О! абоненттери эл аралык роумингдин кызматынын үнөмдүү тарифтеринен абоненттик акысы жана кошумча төлөмдөрү жок эле пайдалана алат. Роумингдеги О! мобилдик байланышын жана интернет кызматтарын берүү шарттары менен компаниянын сайтынан www.o.kg таанышсаңыздар болот.

О! уюлдук операторунан роуминг дүйнө жүзүндөгү абоненттерине камкордук!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким суйлошпойт ватсапп турганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: