super.kg logo

Садыр Жапаровдун сотунда жабырлануучу Эмилбек Каптагаев сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сот залынан чыгып кетти

 

Бүгүн, 11-сентябрда Садыр Жапаровдун ишин караган Бишкек шаардык сотунда жабырлануучу Эмилбек Каптагаев сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сот залынан чыгып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Соттук отурумдун жүрүшүнө жабырлануучу Эмилбек Каптагаев катышты. Ал отурумдун жүрүшүндө Кенжебек Жумабаев, Бакыт Куланбаев жана Жыргал Мажиковду көрсөтмө берүүгө чакыруу боюнча өтүнүч келтирди. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды. Сотторго нааразы болгон Каптагаев "силер адилеттүү чечим чыгарбайсыңар" деп ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сот залынан чыгып кетти", - деп билдирди Токтосунов.

Маалыматка ылайык, Кенжебек Жумабаев менен Бакыт Куланбаев учурда УКМКнын СИЗОсунда, ал эми Жыргал Мажиков №47-абакта жазасын өтөп жатат. Алар 2013-жылдын 7-октябрында "Саруу айылында өткөн митингге тиешеси бар" делип камакка алынган.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаровдун жактоочусу отурумга төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталыга жана соттун толук курамындагы Нурлан Чериковго, ошондой эле Керезбек Эсекеевге ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттор көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк өтүнүчү негизсиз экендигин айтып канааттандыруусуз калтырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
11.09.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Билип туруп туура эмес чечим чыгарганыңар үчүн акыретте жооп беришиңерди эсиңерден чыгарбасаңар.
11.09.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Каптагаев азсматсыз!!! Эл билет чындык ким тарапта экенин...
11.09.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жабырлануучу озу арыз жазбаса эмнеге камайт??
11.09.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сот бугунку эмес эртенки кунунорду ойлосонор жакшы болмок.
11.09.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сот ХХХХ экенсин
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-12 10:19:57
11.09.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ашанын убагы бутуп баратат алтын канжарлуу сот,прокурорлордун канжары моком баратат...эл билет адилет кайжакта экенин...
12.09.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вспышка чыгыш керек бир жерден. Антмейинче булар камалып отура берет.
12.09.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шашыдлбагыла Адилетсиз Соттор силердин алдынарда темир тор кутуп турат!
12.09.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик Садырдан коркот. Чыгарбагандын себеби ошол.
12.09.2017. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев президенттиктен кетсе ушул дарданданган соттор акыбалынар ото оор болот боркунордой когуло. Азырынча чирээлей бергиле атанарга таянып. Кийин кирээрге тешик таппай куруйсунар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: