super.kg logo

Орусия ЖМКлары: "Киевдеги атышуудан жабыркаган эки Кыргыз жараны баңгизатын ташып жүрүшү мүмкүн"

 

Украинанын борбору Киевде орун алган атышуу тууралуу маалыматтарды кененирээк орусиялык маалымат каражаттары жазууда. Белгилүү болгондой, анда жаракат алган 2 адам Кыргыз жарандары экени айтылган.

Окуя 8-сентябрда орун алган. Укук коргоо органдарына Киевдин Беларусь көчөсүндө терезелери талкаланган Opel үлгүсүндөгү унаа тууралуу маалымат түшкөн. Андан бир канча убакыт өтпөй октон жабыркаган эки адам ооруканага жардам сурап кайрылышкан. Көп өтпөй ошол эле күнү канга булганган, ок тийген Jaguar үлгүсүндөгү унаа да табылган.

Жергиликтүү полиция кызматы тараткан жаңы маалыматтарга караганда, эки унаанын тең номерлери чет элдик номерлер болгон. "Эки унаа кубалашып, бир унаадан экинчи унаага карай ок атылган. Бактыга жараша, көчөдө жүргөн жөнөкөй жашоочулар жабыркашкан эмес. Жыйынтыгында Jaguar үлгүсүндөгү унаадагы 2 адам октон алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан", - деп билдирет полициядан.

"Полиция аталган окуя боюнча ар түрдүү версияларды карап жаткан чагы. Кыргыз өлкөсүнөн келген эки ишкер баңгизатын ташуу ишине аралашкандар болушу мүмкүн. Бирок бул болжолдонуп жаткан версиялардын бири гана", - деп жазат маалымат каражаттары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.09.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иштин бети ачылгандан кийин айтышпайбы ,болушу мүмкүн деп урдурбай.Терроризм бүтүп эми баңгилик башталдыбы чет элдеги кыргыздарга.
13.09.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан мода болуп калды соссуз ар экинчи жанылыкта Кыргызстансыз кабар жоктой.Илгери Кыргызстанды кобу билбесе жакшысы дуйно жузу тааныды жаманы жаман жагы менен тааныды.
13.09.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне себептен Кыргызстандын жараны деп атышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: