super.kg logo

Чүйдө "колго түшүрүү" планы жарыяланып, куралчан делген 4 адам изделүүдө

 

Чүй облусунун Панфилов районунда куралчан делген белгисиз 4 адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 12-сентябрь күнү саат 17:30 чамасында аталган райондун айылдарынын биринде белгисиз төрт адам 1989-жылы туулган Ш.Р. аттуу тургунду коркутуп, унаасы менен белгиленген жерге жеткирип коюшун талап кылышкан.

"Жабырлануучунун айтымында, унаасында бензин жок экенин айтканда аны алардын бири чаап жиберген. Андан соң унаасын текшеришип, бензин жок экенине күбө болушкан соң кетип калышкан. Жанында белгисиз ок атуучу куралдары да болгон. Азыркы тапта аларды кармоо боюнча атайын "колго түшүрүү" планы жарыяланды. Тиешелүү жерлерге тосмолор коюлуп, ар бир унаа текшерүүгө алынууда", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: