super.kg logo
  Спорт  

Август айында болбой калган Топ-Лиганын оюндары бүгүн орун алат

 

Бүгүн, 13-сентябрда өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 15-турунун оюндары старт алат. Футбол лигасы кабарлагандай 15-турдун алкагында "Абдыш-Ата" - "Алга", "Кара-Балта" - "Дордой" жана "Нефтчи" - "Алай" командаларынын беттеши орун алат.

Маалыматка ылайык, 15-тур 26-27-августта орун алмак, 25-августта Өзбекстан-Кыргыз өлкөсү ортосундагы жолдоштук беттеш өткөндүгү үчүн бул беттештер футбол федерациясынын суранычы менен жылдырылган.

"Абдыш-Ата" - "Алга"

15-турдун алкагында канттык "Абдыш-Ата" өз талаасында бишкектик "Алга" командасын кабыл алат.

"Абдыш-Ата" командасы 15 оюндун жыйынтыгында 28 упай топтоп турнирдик жадыбалда 2-орунда турат. Ал эми "Алга" командасы 14 упай менен 5-орунда.

"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алга" (Бишкек)

Калыс: Дмитрий Машенцев

"Нефтчи" - "Алай"

Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" командасы өлкө чемпиону "Алай" командасын кабыл алат.

"Нефтчи" командасы 15 оюндун жыйынтыгында 16 упай менен турнирдик жадыбалда 4-орунда келе жатат. Ал эми "Алай" командасы 37 упай топтоп азырынча 1-орунду ээлеп турат.

"Нефтчи" (Кочкор-Ата) - "Алай" (Ош)

Калыс: Киемидин Пириев.

"Кара-Балта" - "Дордой"

Кара-Балта шаарында жергиликтүү команда бишкектик "Дордой" командасы менен ойнойт.

"Кара-Балта" командасы 15 оюндун жыйынтыгында 10 упай топтоп 6-орунда, "Дордой" командасы 22 упай менен 3-орунда.

"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Дордой" (Бишкек)

Калыс: Нургазы Чолпонбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: