Казакстанда эне 3 жаштагы баласын үйдүн 5-кабатынан ыргытып жиберди
Казакстандын Семей шаарында эне 3 жаштагы баласын көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы терезесинен ыргытып жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, окуя 12-сентябрь күнү саат 12:00дөр чамасында болгон.
"Бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кире бериштеги эшиктин үстүндөгү тосмосуна түшүп, оор абалда ооруканага жеткирилген", - деп жазылат маалыматта жергиликтүү "Тез жардам" кызматына таянуу менен.
Окуяны көргөндөр полицияга баланы өзүнүн энеси ыргытып жибергендигин айтып беришкен. Учурда 36 жаштагы эне өзү каттоодо турган психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-1

Бала айыгып кетсин ылайым
Ушунун бары жан-дүйнөнүн ачкалыгынан улам б-п атат.Жараткан туура жолдон адаштырбасын барыбызды!