super.kg logo

Транспорт жана жолдор министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

 

Транспорт жана жолдор министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК менен бирге жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар ачыкталган.

"2015-жылдын май айында Кыргыз өлкөсүнүн Бажы биримдигине кирүү боюнча иш-чаралардын алкагында аталган министрликке баасы 826 миң 236 долларга компьютер жана жабдыктар "И" ишканасынан сатылып алынган. Министрликтин жумушчу комиссиясы келишимди түзүүдө бир катар мыйзамдарды бузган. Андан сырткары сатылып алынган компьютерлердин баасы да рыноктук баадан жогору болгон. Анын кесепетинен мамлекетке 17 миллион сомго жакын зыян алып келген", - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Азыркы тапта жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306 (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Айта кетсек, компьютер жана жабдыктар үчүн акча каражаты Орусия тараптан кайтарымсыз берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.09.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтар жегичтерди, саткындарды камаш керек.
14.09.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дарыгер,тууганым бул президент шайланганча эле показуха анан ошол эле адамдар эч нерсе болбогонсуп кайра эле жумушунда иштей беришет.(типа иштеп камап атабыз деген маани да)
TazaKyrgyz түзөттү 2017-09-14 10:52:09
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: