super.kg logo

Сотто жактоочу: "Садыр Жапаров мыйзамсыз камалган. Токтоосуз акталып, бошотулушу керек"

 

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз каралып, соттук отурум өткөрүлдү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө тараптардын жыйынтыктоочу сөздөрү айтылды.

Жактоочу Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров мыйзамсыз кармалып отурганын, анын аракетинде кылмыштын курамы жок экендигин ага токтоосуз актоо өкүмүн чыгарып, сот залынан бошотуу керектигин айтты.

"Бул иште Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок. Анын ак экендигин бүткүл кыргыз эли билип, көрүп турат. Чечим чыгаруучу бөлүмгө кирип бийликтен эмес, Кудайдан коркуп чечим чыгаргыла. Жапаровду токтоосуз акташ керек", - деп билдирди жактоочу Шарабидин Токтосунов.

Ал эми жыйынтыктоочу сөздө Каптагаев:

"Урматтуу соттор, менин иш тажрыйбамда жабырлануучунун эки ирет сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүшү буга чейин болгон эмес. Бүгүн сиздер Жапаровдун тагдырын чечүү менен өзүңүздөрдүн да эртеңки келечегиңиздерди чечип жатасыздар. Эки айдан кийин бийлик алмашат. Ошондо сиздердин башыңардан мыкчып кармап отургандар кызматтан кетет. Ошондуктан кийинки келечегиңерди терең ойлоп, адилет чечим чыгарып беришиңерди сурайм", - деди.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
14.09.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биркун келип...жегичтерда жооп берер кун келет...С.Жапаров чыгат бир кун...
14.09.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келет жооп берет ушул бойдон калбайт оздоруно балдарына корсотот ак ийилет сынбайт Садыр Жапаров эл учун иштеген киши аныда камап эптеп жоготуш керек.Анткени ал билет кум тордо канча корупция бар экенин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: