Ноокенде Ауди менен Хундай Портер сүзүшүп, 6 адам каза болду




Ноокен районунун Достук айыл аймагында жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен, Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Окуя болгон жерге ӨКМнын 11 куткаруучусу тартылган. Жол кырсыгынын кесепетинен Ауди-100 унаасындагы 6 адам каза болгон (5 адам жол кырсыгы болгон жерден, 1 адам ооруканадан).
Каза болгондордун жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Ал эми Хундай Портер унаасындагы жабыркаган 1 адам, Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя кечээ, 14-сентябрда түнкү саат 10:00дөр чамасында болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Ылдамдыкты күчөтуп мактанасың.
Бул дуйнөдө минип жургөн унааңыз,
О дүйнөгө жеткирип таштабасын.
Дегендей айдоочулар акырыныраак айдагыла, кырсык каш кабактын ортосунда.