Жайкы сезон учурунда 14 адам Ысык-Көлгө чөгүп, каза болду
Жыл башынан бери 19 адам Ысык-Көлгө чөгүп, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көлгө чөккөндөрдүн 15и эркек, 1 аял жана 3 жаш бала. Жайкы сезон учурунда 14 киши көлгө чөгүп каза болгон.
Кырсыктын келип чыгуусуна көп учурда алыс сүзүп кетүү же спирт ичимдигин ичип алып көлгө түшүү себеп болот.
Айта кетсек, былтыр жыл ичинде Ысык-Көлгө 9 адам чөксө, алардын жетөөсү жайкы сезон учурунда болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.