super.kg logo

Бишкекте Патрулдук милиция кызматкерлерине катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди артынан негизсиз кууганы боюнча кылмыш иши козголду

 

Бишкекте Патрулдук милиция кызматкерлерине катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди артынан негизсиз кууганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ушул жылдын 18-августунан 19-августуна караган түнү Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери өз маршрутунан чыгып, мотоциклди мыйзамсыз куушкан. Андан сырткары Жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча ички иштер органдарынын инструкциясы одоно бузулган. Анын кесепетинен В.Кнын башкаруусундагы мотоцикл башка унаа менен сүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, жол кырсыгы 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, ага учкашып келе жаткан 17 жаштагы Аделина Назарова (Орзубек Назаровдун кызы) оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилген. Ал эми жеңил унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчү да ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын бири С. уулу М. эсине келе албай көз жумган. Окуянын күбөлөрү катуу ылдамдыктагы мотоциклди Патрулдук милиция кууп келе жатканын айтышкан.

Бишкек ШИИББи жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" менен кылмыш иши козголгонун билдирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(9)
15.09.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul myizam belgiluu , bai , chinovnikterdi korgogon myizam go , bashka karapaiym adamdardy negizsis kuugan okuiya kancha
15.09.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Карапайым адам болгондо озунун мойнуна акойуп болнисадан нары апарып камап койот еле...мыйзам бирдей болбой калды.бийликтекилер....
15.09.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмыш ишин козгогондордун озуно кылмыш ишин козгоп камаш керек!!! Бул эмне деген кош стандарт?!! Эгер машине болобу, мотоцикл болобу катуу ылдамдыкта баратабы шаар ичинде, демек жол эрежесин одоно бузганы ошол!!! Артынан милиция кызматкерлери кууп келсе, катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа аларга баш ийип унаасын токтотушу керек!!!

Орзубек Назаровдун кызы авария болсо ал озу куноолуу мотоцикл айдаган жигити экоо!!! Орзубек Назаровдун кызына кылмыш козгогондун ордуна милицияга иш коз
15.09.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул обу жок кыздын чуусу бутподу. Биротоло олбоду же оз куноосун сезип, атасы экоо тынчып калбады!!!
arimaz89 түзөттү 2017-09-15 10:40:17
15.09.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
arimaz89, ушундан коро олуп калса болмок экен, Орзубек акыры ушул созду айтууга мажбурлап отурат!!!
15.09.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Patriot7,Бирөөнүн өлүмүн тилегенче өзүңөрдүн өмүрүңөрдү тилегиле туугандар.
15.09.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эгер ошол мотоциклди мен башкарып милициядан качсам алда качан эле мага иш козгомок... Эми мотоциклде Орзубек Назаровдун кызы болгону учун артынан кууган милиция туура эмес кууган болуп жатабы?!! Уялбайсынарбы бийлик?!! Орзубек, сен уялбайсынбы?!! Сен боксер болсон озуно, боксерго мыйзам иштебейт бекен?!! Сен мыйзамды сыйлабасан эмнеге мен сени сыйлашым керек?!!
15.09.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куугандын да озунун шартары бар бул иштерди тергоо тергей берсин башынарды бекерден оррута бериштин кажети жок бироонун олумун тилегиче озундун омурунду тиле
15.09.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйгондон жазып жатышат тушунгуло мотонун айдоочусуу кылмышкер болсочу кандай болмок.ГАИ эрежесинде мото транспорту кубалаганга болбойт деп айтылат,бирок артынан тушот мигалканы иштетип упм туура кылган Назаровдун адвокаттары ошону карманып жатышат.упм дын адвокаттары тын болсо утат.таптакыр кубаса дагы кунолуу болушат мото айдагандар кылмыш кылып журо берсин анда.кыз м-н жигит токтош керек болчу 100% кунолуу.кызы сакайып кетсин омуру узун болсун.жаман соз жазбайлы жердештер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: