super.kg logo

Аида Салянова эмнеге Максим Бакиевдин жакын адамынын адвокаттык лицензиясын узартканын түшүндүрдү

 

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянова көрсөтмө берип жатып, эгер ал Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартпай койгондо анда мыйзам бузуу болмок экенин айтты.

Мыйзамга ылайык, Елисеевдин лицензиясынын мөөнөтүн узартууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Тескерисинче, эгер биз ошол учурда Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартпай койгон болсок анда мыйзам бузулмак”, - деди Салянова.

Андан сырткары ал жактоочунун “Елисеевдин лицензиясын узартууда башка адамдар менен кеңешип чечим кабыл алдыңыз беле?” деген суроосуна эч ким менен кеңешпегендигин айтты. "Мен юстиция министри болгон учурда орун басарым Жылдыз Мамбеталиева менен гана аталган чечим боюнча талкуулагам" деп кошумчалады Салянова.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин (Максим Бакиевдин жакын адамы) адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.09.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
акталсын
15.09.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салянованы камап салгыла!!! Елисеевдин лицензиясын узартпаса кайсы мыйзам бузулаарын далилдеп берсин!!! Ташиев, Жапаров, Мамытов, Мырзакматовдордун соттолушуна чон "салым" кошуп келген, аталаш агасын кылмыш жоопкерчилигинен куткарып, куйоосу аялынын (Саляновпнын) "колокосундо" чон коррупциялык схемаларга аралашкан... Кыскасы Салянованы камоо учун жетиштуудон ашыкча факты бар!!!
15.09.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салянова ген.прокурор болуп турганда тонировкаланган машинасын токтоткон учун уч милиционерди жумушунан алдырган,машинасынын номери эч жерде катталбаган болуп чыккан мыйзамды оздору сыйлабайт карапайым элдикин текшерсе болот озунун башына келди мына сотто журот.ЖК туура эмес иш козгоп жатасын дешсе укпачы эле таба эмес тобоо дейли.
15.09.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жеке Салянованын иши эмес, бул жерде Ата Мекенди сындыруу болуп жатат! Бирок мыйзам менен эмес, куч менен сындырып жатат, бул нерсе менен узак барышпайт бийлик!!!!
15.09.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап келгенде Максимдинжакын адамы азыр премер министр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: