super.kg logo

Туратбек Мадылбеков Абдулла Юсуповду эки жолу кайсы жерден көргөнүн айтты

 

Бүгүн, 15-сентябрда мурдагы депутат “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда тергөө иштерине байланыштуу күбөлөр суралды. Бүгүн бул ишке күбө катары мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков суралып, мамлекеттик айыптоочу күбө менен камактагы Абдулла Юсуповдун тааныштыгына кызыкты.

"Абдулла Юсуповду мен өмүрүмдө көргөн же уккан эмес элем. Мен Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда ал 120 депутатка кайрылуу жасап, "мени кыйноо менен баарын моюнума алдырды" деп арызданды. Мен өзүм парламенттик комитеттин төрагасы катары бардым. Бүт анын айткандарын уктум. СИЗОнун төрагасына арыз жазып мага жибер дедим. Ошондо СИЗО башчысынын бөлмөсүнөн Юсуповду биринчи жолу бир сааттан ашык көргөм. Ал эми жалпысынан мен аны эки жолу кезиккем. Экинчисинде ИИМде беттештирүүдө аны менен чогуу отурганбыз”, - деди Мадылбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.09.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишенбейм
15.09.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aitun,тууганым менда депутаттардын бироосуно да ишенбейм.Тойгончо жеп олоорчо карганат
16.09.2017. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул экс депутат кимди алдайт. НТСтен Абдулла деген сайрап чыкканда Республиканын ошол кездеги фракция башчысы Алтынбек Сулайманов депутаттар менен СИЗОго барганда СИЗО башчысы Юсуповго киргезбей койгон. Журналдан ага кимдер келип жолукканын караганда Мадылбеков ар бир деи алыштарда бир канча келип жолукканы катталган. Алтынбек
-Муну неге кайра кайра жолуктургансын?-деп сураса начальник "ал депутат", деп жооп берген. Жини келген Сулайманов
-Биз не сенин козуно депутат эмес з
16.09.2017. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-деген. Ошондон кийин гана Юсуповго жолугууга кое берилгендер. Юсуповун болсо тили жон эле сайрап дароо "Алтынбек байке бир чара корбрсонор мен бул жерден тирук чыкбайым", жалдырап жиберген артист. Мунун баарын безкоментарий берген НТС. Кыскасы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: