super.kg logo

Туратбек Мадылбеков сотко: "Юсуповдун жомогунда силер да куурчак болуп калдыңар"

 

Бүгүн, 15-сентябрда мурдагы депутат “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда тергөө иштерине байланыштуу күбөлөр суралды. Бүгүн бул ишке күбө катары суралган мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков бул иш камактагы Абдулла Юсуповдун жалган көрсөтмөлөрүнөн улам козголуп, туура эмес жагдайда каралып жатканын айтты.

Юсуповдун жомогунда силер да куурчак болуп калдыңар. Бул өзү куурчак театры. Мунун баары жомок. Бул жомокторду кармап отуруп, Төлөгөновду камап соттоп жатасыңар. Эгер бул ишке башка күнөөлүүлөр табылып калса, Төлөгөновдун тагдыры үчүн ким жооптуу болот? Мен азыр бул иш боюнча иликтөө жүргүзүп жатам. Мен өлгөнгө чейин бул ишке байланыштуу ИИМдин пенсиядагы кызматкерлерин таап алып келем. Абдулла Юсупов бүгүнкү күнгө чейин ойноп жүрөт. Бул оюндун аягы дагы чыгат, аз калды. Ошондо алар моюнуна алат. Чындык кеч болсо да чыркырап чыгат”, - деди сотко Мадылбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
15.09.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйылкы жыл канкор адилетсиздик сот жылы эле болду окшойт.
15.09.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатылып кеткен сотторго мин наалат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: