Баткен. Исфанада "Ар бирибиз ар улуттан болсок да, элибиздин эртеңи үчүн биргебиз!" фестивалы өткөрүлөт
2012-жыл – Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана
кечиримдүүлүк жылына карата 27-ноябрь күнү Исфана шаарында "Ар бирибиз ар улуттан болсок да, элибиздин эртеңи үчүн биргебиз!" аттуу фестиваль өткөрүлөт.
Ага Баткен облусунун бардык район, шаарларынан
түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө көргөзмөлөр жана кароо-сынактар,
концерттик программалар уюштурулат. Иш-чаранын максаты - облуста жашаган улуттардын ынтымагын, достугун чыңдоо. Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик
администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавидинов билдирди.
Автор: Бегайым Тажибай кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















