super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-СЕНТЯБРЬ: Мындан 129 жыл мурун Бельгияда тарыхтагы эң алгачкы сулуулар сынагы өткөн

 

Берта СукареМындан 129 жыл мурун, 1888-жылы 19-сентябрда Бельгиядагы курорттордун биринде тарыхтагы эң алгачкы сулуулар сынагы өткөн. Ага катышуу үчүн 350 кыз сүрөттөрүн жөнөтүшүп, финалга калыстар тобу аркылуу 21 сулуунун сүрөтү тандалган. Алар “Сулуулук ханышасы” титулу үчүн ат салышып, калың элге таанылбоо максатында атайын даярдалган жана чоочун элге кирүүгө тыюу салынган үйдө жашашкан. Ал эми сынакка жабык экипаж менен жеткирилип турган. Кызыгы, сынакка катышкан кыздардын баары узун көйнөктөрдү кийип чыгышса, көрүүчү катары келген
эркектердин баары фрак кийип отурушкан. Жеңүүчү катары 18 жаштагы Гваделупанын сулуусу Берта Сукаре табылып, сыйлык иретинде 5 миң франкка ээ болгон. Ал кезде сулууларга таажы ыйгаруу салты баштала элек эле. Бирок сулуунун кийинки жашоосу белгисиз бойдон калган.

19-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: