super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-СЕНТЯБРЬ: "Белгисиз адамдар" тасмасына тартылуу үчүн такалуу бут кийим кийүүгө аргасыз болгон америкалык актёр Жеймс Марсден 44 жашка толду

 

Көпчүлүккө "Эс-тутумдун күндөлүгү", "Белгисиз адамдар" жана "Супермендин кайтып келүүсү" тасмалары аркылуу таанылган америкалык актёр Жеймс Марсден 1973-жылы 18-сентябрда АКШнын Оклахома штатында жарык дүйнөгө келген.

Карьерасын 19 жашында моделдик кесиптен баштаган. 1 жылдан соң кино тармагына аралашып, “Бала багуучу” тасмасында экинчи пландагы каармандын ролун жараткан. Ага атактуулукту 2000-жылы тартылган “Белгисиз адамдар” фильми алып келип, көзүндөгү лазер менен атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон образы көпчүлүктү кайдыгер калтырган эмес. Кызыгы, актёрдун бою аталган тасмадагы өнөктөшү Хью Жекмандан бир топ эле кыска болгондуктан атайын даярдалган такалуу бут кийим кийүүгө мажбур болгон.

Ошондой эле "Эс-тутумдун күндөлүгү” фильминдеги үч бурчтуу сүйүүнү баштан кечирген BBC`нин учкучу Лон Хаммонддун ролу жана 2014-жылы чыккан "Алып баруучу: Кайрадан саламатсыздарбы?" тасмасы менен көрөрмандардын купулуна толгон.

Актёр 2000-жылы актриса Лиза Линдеге үйлөнүп, экөө 1 кыз, 1 уулдуу болушкан. 2011-жылы жубайы ажырашууга арыз таштаган соң 2012-жылдан тарта Роуз Коста аттуу модель менен жакын мамиледе болуп, аз убакыттан кийин кол үзүшкөн. Түгөйлөр эки башка жолго түшкөндө кош бойлуу болгон Коста актёрго уул төрөп берген.

Мурунку жубайы Лиза Линде жана балдары менен

Жеймс Марсден учурда АКШнын 43-президенти Жорж Буштун Иракка кол салуусунун негизинде тартылып жаткан “Нес жана калтырак” аталышындагы тасмада роль жаратууда. Аталган фильмдин тартуу иштери өткөн жылдын октябрь айында башталган. Ал эми эл алдына ушул жылдын аягына чейин көрсөтүлөрү айтылган.

18-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: