Якутияда бала багуучу болуп иштеп жүргөн Кыргыз кызы 3 наристенин ууланышына айыпталууда
Якутиянын Мирный шаарында 3 наристенин ууланышына себеп болгон деп Кыргыз кызы айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бала багуучу болуп иштеп жаткан 20 жаштагы Кыргыз кызы акыл эске тескери таасир этүүчү дары-дармектерди кароосуз, ачык калтырган. Балдар аны ичип, катуу ууланышкан. Дарыгерлер балдардын өмүрүн сактап калууга жетишкен.
Аталган факт боюнча козголгон кылмыш иши иликтенип, сотко өткөрүлүп берилди деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-2

Кыз бечара кайсы бирине жетишет балдарын Бакканы аз келгенсип ал уйдогу баардык туйшук 20жаштагы кыздын моюнунда экени айтпасада белгилгилуу бизге ...
Кайран Кыргыз элим мынчалык кор болдук , Көр тириликтин айынан !!!