super.kg logo

Депутат Канат Исаевдин сотуна чакырылган 10 күбөнүн экөө гана келди

 

Бүгүн, 18-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурумдун кезектеги отуруму орун алды. Анда сурак берүү үчүн процесске 10 күбө чакырылгандыгы маалым болду. Бирок отурумга 2 гана күбө келди.

Мамлекеттик айыптоочулар тарабынан камсыздалган күбөлөрдүн отурумга келбегендигине байланыштуу, сот Абдуразак Боромбаев аларды кийинки отурумга мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. Ал эми сотко күбө катары келишкен ошол учурдагы Токмок шаардык жер реформалары боюнча долбоордун юристи Венера Сулайманкулова жана Токмок шаардык кеңешинин экс-депутаты, каржы боюнча комитеттин экс-төрагасы Юсупжан Матаров көрсөтмөлөрүн беришти.

Кийинки соттук отурум 21-сентябрга, саат 9:30га белгиленди.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.09.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ экенсинер Ашанын иттери акылсыз кадырлар жыйылды 2010 2017 жылдардын аралыгында корупция куч алып алдамчылык кучоду АША ашанын иши каша качан камалат экен Аша
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-18 16:43:31
18.09.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalpak.kg92, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: