super.kg logo

Аида Салянованын соту 20-сентябрда уланат

 

Депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму бүгүн, 18-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда уланды. Жактоочусу Улан Жумаковдун SUPER.KG'ге билдиришинче, соттун жүрүшүндө ишти карап жаткан сот Кубанычбек Касымбековго эки ирет, мамлекеттик айыптоочуга бир ирет ишенбөөчүлүк келтирилгенин, бирок ишенбөөчүлүк келтирүү сот тарабынан четке кагылганын билдирди.

"Буга чейин деле бир катар ишенбөөчүлүк келтиргенбиз, бирок баары четке кагылып келген. Бүгүн деле ушундай мамиле болду. Ал эми Аида Салянова суралып, жооп берчү акыркы 5 суроо калды. Суралып бүткөн соң жарыш сөзгө өтөбүз", - деди Жумаков.

Жактоочу жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу ишти кароо 20-сентябрда улантыларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.09.2017. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саясат аЯл кишиники эмес уйдоо эле балдарын багып отурганда болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: