Жабык имараттагы Азия оюндары: Бүгүн бильярдчы Каныбек Сагынбаев байгелүү орун ээлегенге аракет жасамакчы

Бүгүн, 19-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында бильярд боюнча мелдештер старт алат.
Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышып байгелүү орундарды ээлегенге аракет жасайт. Анда бир нече жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген Каныбек Сагынбаев, Дүйнө чемпиону Дастан Лепшаков жана Арсен Каленбаев медалдар үчүн күч сынашат.
Кыргыз спортчулардын атаандаштары жана беттештердин убактысы (Бишкек убактысы боюнча):
11:00 - Дастан Лепшаков - Франсиско Бустаманте (Филиппин);
15:00 - Арсен Каленбаев - Али Махсуд (Иран);
19:00 - Каныбек Сагынбаев - Али Фаяз (Мальдив аралдары).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.