super.kg logo

Чүйдөгү сүт фермасында өрт чыгып, 25 жаштагы жигиттин денесинин 90 пайызы күйүк алды. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө жатат

 

Чүй облусундагы сүт фермасында өрт чыгып, 25 жаштагы жигиттин денесинин 90 пайызы күйүк алды. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 19-сентябрга караган түнү Аламүдүн районунун Маевка айылындагы сүт фермасында болгон. Анда ферманын темир каркаска шифер жабылган аянты 300 чарчы метр кампанын чатыры, ичиндеги темир цистерна жана 5 резервуарда куюлган 6 тонна “Нефрас” жана 2 тонна күн карама майы күйгөн.

Өрт болгон жерден 25 жаштагы жарандын денесинин 90 пайызы күйүк алган. Азыркы учурда жабырлануучу Бишкек шаарындагы №4-оорукананын күйүк борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Өрт эки сааттын ичинде толук өчүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.09.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХ.
90 % куйуктон аман-эсен айыгып кетсин!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-20 11:31:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: