Өмүрбек Текебаев сот залында учурдагы саясий кырдаалга тынчсызданып жатканын айтты

Бишкек шаардык сотунун сот залында учурда абакта отурган депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Отурум учурунда Текебаев өлкөдөгү саясий кырдаалга тынчсызданып жатканын айтты.
"Мен үчүнчү революциянын болушун каалабайм. Бирок өлкөдөгү саясий кырдаалга тынчсызданып жатам. Кокусунан бир нерсе башталып кетсе эле Атамбаев Акаев жана Бакиевдин жолун кайталаганы турат. Бирок Атамбаевди Кытай менен Катар эле кабыл албаса, Москва менен Минск кабыл албайт. Аларды таарынтып алган", - деди Текебаев.
Соттук отурум саат 14:00дө кайра уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
2

Митингке да жалданма адамдар гана чыкпаса , карапайым чыкпайт.