super.kg logo

Мексикада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 139га жетти

 

19-сентябрда Мексикада күчү 7,1 баллдык катуу жер титирөө катталды. Табият кырсыгы өлкөнүн борбору Мехикодо да байкалды. Жер силкинүүнүн очогу Пуэбла-де-Сарагоса шаарынан 58 чакырым алыстыкта болгон. Бул тууралуу, чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматта айтылгандай, табият кырсыгынан каза болгондордун саны өсүүдө. Учурда 139 жарандын көз жумганы кабарланды.

Акыркы маалыматтарга караганда өлкөнүн борборунда 44 имарат кыйроого учураган. Куткаруучулар жана ыктыярчылар кырсыктан жабыркаган же каза болгон адамдарды издеп жатышат.

Белгилүү болгондой, жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 21:13тө Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 03:14тө катталган.

Жер титирөө катталган аймактарда 20 миллиондон ашуун калк жашайт. Борбордук бийлик өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган. Кырсык коомдук-транспорттук каттамдарга тоскоолдук жаратты. Эл аралык аэропорт жабылып, метро каттамдарынын 95 пайызы жүргүнчүлөрдү ташууга жарактуу экенин Мехико шаарынын мэри Мигель Анхель билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.09.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудай сактасын акыркы замандайго
20.09.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tttalant,ошода бир жакта жер титиресе бир жакта бороон катту шамал дагы бир жакта согуш . Кудай озу сактасын кургыз элимди
20.09.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Batma08,тынчтык болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: